Австралия: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
62-сап: | 62-сап: | ||
«Түштүктөгү белгисиз жерлер» ({{lang-la|Terra Australis Incognita}}) уламышы — Рим империясына таандык жана континент жөнүндө эч кандай бир илимий далилдерге негизделбегенине карабастан, орто кылымдарда географияда кеңири таралган терминдердин бири болгон. |
«Түштүктөгү белгисиз жерлер» ({{lang-la|Terra Australis Incognita}}) уламышы — Рим империясына таандык жана континент жөнүндө эч кандай бир илимий далилдерге негизделбегенине карабастан, орто кылымдарда географияда кеңири таралган терминдердин бири болгон. |
||
[[Англис тили|Англис тилиндеги]] бул сөздүн колдонулушу жөнүндө эң алгачкы документтештирилген маалыматтар «Халклайт устаты тарабынан жазылган Аустралиа-дель-Эспириту-Санту жөнүндө маалыматтар» ({{lang-en|A note of Australia del Espíritu Santo, written by Master Hakluyt}}) жана ''Самуэл Пурчас'' тарабынан жарыяланган [[Жаңы Гебрид аралдары]] жөнүндөгү ''Hakluytus Posthumus'' маалыматтарында Аустралиа-дель-Эспириту-Санту ''({{lang-es|Australia del Espíritu Santo}}'') испан термини ''«Australia»'' деген терминге чейин кыскартылып берилген<ref>[https://web.archive.org/web/20060822033701/http://www.hispanicfiesta.com.au/pics/pdf_mag_2004/42.PDF A Very Brief History of Hispanics in Australia]</ref>. |
|||
«Australische» термини Батавиядагы (азыркы [[Жакарта]]) голландиялык чиновниктер тарабынан 1638-жылдан тартып ачылган бардык түштүктөгү жерлерге карата колдонулган<ref>''Scott, Ernest.'' [https://books.google.kg/books?id=DDNEle_1NzkC&pg=PA299&dq=Australische+1638+batavia&redir_esc=y&hl=ru#v=onepage&q=Australische%201638%20batavia&f=false The Life of Captain Matthew Flinders] — Kessinger Publishing 2004. — P. 299. — <nowiki>ISBN 978-1-4191-6948-9</nowiki>.</ref>. |
|||
==Тарых== |
==Тарых== |
25 март 2024, саат 07:55 учурдагы нуска
Австралия Бирлиги | |||||
| |||||
Гимн: «Advance Australia Fair (Алга, кереметтүү Австралия)» | |||||
Расмий тилдери | |||||
Борбор шаары | Канберра | ||||
Ири шаарлар | Сидней, Мельбурн, Брисбен, Перт, Аделаида, Голд-Кост, Канберра, Ньюкасл, Вуллонгонг | ||||
Башкаруу формасы | Конституциялык монархия | ||||
Король Генерал-губернатор Премьер-министр |
Чарльз III Дэвид Харли Энтони Албаниз | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. |
6-орун - дүйнөдө 7,688,287 км² 1,79 | ||||
Калкы • Бааланган (2023) • Жыштыгы |
25,890,773 адам (53-орун) 3,5 ад./км² | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы |
▲1,719 трл $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
▲1,688 трл $ ▲63,487 $ | ||||
АДӨИ | ▼ 0,946 (төмөн) (10-орун) | ||||
Акча бирдиги | Австралия доллары | ||||
Домени | .au | ||||
ISO коду | AU | ||||
ЭОК коду | AUS | ||||
Телефон коду | +61 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +08:00-+11:00 |
Австралия (англ. Australia) расмий аталышы — Австралия Бирлиги (англ. Commonwealth of Australia) – Австралия материгиндеги мамлекет. Материке жакын жайгашкан Тасмания аралы да Австралиянын курамына кирет. Түндүгүнөн Тимор, Арафура деңиздери жана Торрес кысыгыгы, чыгышынан Коралл жана Тасман деңиздери, түштүгүнөн Басс кысыгы жана Инди океанынын суулары чулгайт. Флиндерс, Кинг, Кенгуру жана башка майда аралдар, ошондой эле Ашмор жана Картье аралдары, Рождество, Кокос аралдары, Херд аралы жана Макдональд аралдары, Норфолк аралы да Австралияга карайт. Аянты – 7,688,287 км². Калкы – 25,890,773 адам (2023). Борбору – Канберра шаары. Мамлекеттик тили – англис тили. Акча бирдиги – Австралия доллары.
Этимология
«Австралия» аталышы (англ. Australia) латын тилиндеги «түштүк» (лат. austrālis) деген сөздөн келип чыгат.
Австралиялыктар оозеки барлашууда Австралияны белгилөө үчүн Oz деген сөздү колдонушат, ал эми «австралиялык» деген маанини белгилөө үчүн Aussie сөзүн колдонушат.
«Түштүктөгү белгисиз жерлер» (лат. Terra Australis Incognita) уламышы — Рим империясына таандык жана континент жөнүндө эч кандай бир илимий далилдерге негизделбегенине карабастан, орто кылымдарда географияда кеңири таралган терминдердин бири болгон.
Англис тилиндеги бул сөздүн колдонулушу жөнүндө эң алгачкы документтештирилген маалыматтар «Халклайт устаты тарабынан жазылган Аустралиа-дель-Эспириту-Санту жөнүндө маалыматтар» (англ. A note of Australia del Espíritu Santo, written by Master Hakluyt) жана Самуэл Пурчас тарабынан жарыяланган Жаңы Гебрид аралдары жөнүндөгү Hakluytus Posthumus маалыматтарында Аустралиа-дель-Эспириту-Санту (исп. Australia del Espíritu Santo') испан термини «Australia» деген терминге чейин кыскартылып берилген[1].
«Australische» термини Батавиядагы (азыркы Жакарта) голландиялык чиновниктер тарабынан 1638-жылдан тартып ачылган бардык түштүктөгү жерлерге карата колдонулган[2].
Тарых
Австралия европалыктарга чейин (1606-жылга чейин)
Деңиз саякатчыларынын Австралияны ачышы (1606-1788)
Британиянын колонизациялоосу (1788-1901)
Австралия Бирлиги (1901-жылдан азыркыга убакытка чейин)
Австралиянын жергиликтүү калкынын ата-бабалары Түштүк Азиядан 50 миң жылдай илгери эле көчүп келишкен. Климаттын жылый башташы менен деңиз кысыктары Жаңы Гвинеяны (20 миң жыл мурда) жана Тасманияны (12 миң жыл илгери) Австралиядан бөлүп таштаган. Англия колониялаштыра баштаганга чейин (18-кылымдын аягы) болжол менен 250 300 тилде сүйлөгөн, 300-500 миңдей жергиликтүү калк (австралиялыктар) (500-700 уруулар) жашаган. Алар аң уулап, өсүмдүктөрдү, жер-жемиштерди чогултуп күн көрүшкөн.
Европалыктардан Австралиянын жээгине алгач 1606-ж. голландиялык капитан Виллем Янсзон, кийин Абел Тасман келген. 1770-ж. Австралиянын жээктерин Жеймс Кук изилдеп, бул жерлерди Британиянын ээлиги деп жарыялап, Түштүк Уэльс деп атаган. 1788-ж. англиялык кыштак (азыркы Сидней шаары) пайда болгон. 1868-ж. чейин Улуу Британия Австралияны сүргүнгө айдай турган жер катары пайдаланган. Колониялаштыруу жергиликтүү калкты кырып-жоюу менен кошо жүргүзүлгөн (18-кылымдын аягы 20-кылымдын ортосуна чейин алардын саны 5-6 эсеге азайган). Англия Австралияда негизинен кой чарбачылыгын өнүктүргөн. 19-кылымдын 2-жарымында жеңил, тамак-аш жана тоокен иштетүү өнөр жайы бир кыйла өнүккөн. 19-кылымдын орто ченинен тартып, алтын кендери табылгандан кийин иммиграция абдан өскөн (1900-ж. өлкөнүн калкы 3756 миңден ашкан). Узак убакыт күрөш жүргүзүү менен жер которуп келгендер 19-кылымдын 50-жылдарында ичара өзүн-өзү башкаруу укугун алышкан. 1901-ж. 1-январда Австралиянын түзүлүшү тууралуу салтанаттуу жарыяланган жана колониялар биригип, доминион укугуна жетишкен. Союздун (федерация өкмөтүнүн) жана штаттын укуктары белгиленип, королдук бийликтин өкүлү генерал-губернаторго коргоону иштерин уюштуруу жана эл аралык байланыштарды жүргүзүү милдети, ал эми ички иштерде жоопкерчилик толугу менен өкмөткө жана штаттардын парламентине берилген. 1906-ж. Улуу Британия Папуа колониясын Австралия Союзуна өткөрүп берет. 1911-ж. Союзга өз алдынча бирдик катары Түндүк Территория жана Жаңы Түштүк Уэльстин бир бөлүгү кошулган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Австралия Жаңы Гвинея аралынын түндүк бөлүгүн, Науру аралын башкарууга мандат алат. Экинчи дүйнөлүк согушта Улуу Британия тарапта болуп, антигитлердик коалициянын курамында Тынч океан, Батыш Европа, Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыштагы согуш аракеттерине (900 миңдей аскер) жана Вьетнам согушунда АКШ тарабында согушка катышат. Согуштан кийин Австралия АНЗЮС жана СЕАТО сыяктуу эл аралык уюмдардын толук кандуу мүчөсү болуп калган. 1967-ж. аборигендерге бардык граждандык укуктар берилип (1930-ж. аборигендерди резервациялоо иш чаралары уюштурулган), 1981-ж. Түштүк Австралиянын аборигендери эркин жер ээлөөчүлөр болуп калган. 1985-ж. Австралиянын өкмөтү Тынч океандын түштүк бөлүгүндө ядросуз зона жөнүндө келишимге кол коёт. 1986-ж. мамлекеттин Улуу Британиядан толугу менен бөлүнүшү тууралуу мыйзам кабыл алынат. Учурда өлкө дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер менен байланышын чыңдоодо.
Физикалык жана географиялык мүнөздөмө
Географиялык абалы
Австралия Бирлиги — Түштүк жарым шарда жайгашкан, аянты 7,692,024 км2 болгон мамлекет[3]. Австралия жер бетинин болжол менен 5% ээлеген Орусия, Канада, Кытай, АКШ жана Бразилиядан кийинки дүйнөдөгү аянты боюнча алтынчы орунда турган мамлекет[4]. Ошондой эле толугу менен түштүк жарым шарда жайгашкан аянты боюнча эң чоң мамлекет. Курамына кирген аймактар: аянты 7,659,861 км2 түзгөн Австралия материги (Тасмания аралы менен бирген) жана аянты 32,163 км2 түзгөн жээктен алыс эмес жайгашкан аралдар.
Австралиянын көзөмөлү астында бир нече тышкы аймактар да бар:
- Кокос аралдары (аянты – 14 км²)[5]
- Рождество аралы (аянты – 135 км²)[6]
- Ашмор жана Картье аралдары (аянты – 199 км²)[7]
- Коралл деңизи аралдары (аянты – 7 км², акваториясынын аянты – 780,000 км²)[8]
- Херд аралы жана Макдональд аралдары (аянты - 372 км²) – Антарктикадагы Австралиянын аймагынын курамына кирет[9].
- Норфолк аралы (аянты – 35 км²)[10]
- Антарктикадагы Австралиянын аймагы (аянты – 5 896 000 км²)[11] – бул аймактагы Австралиянын суверенитетин дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү тааныбайт[12].
Бардык тышкы аймактарынын жалпы аянты 5 896 762 км² түзөт (Антарктикадагы Австралиянын аймагын кошпогондо — 762 км²).
Түндүк жана чыгыш жээктерин Тынч океанынын Арафура, Коралл, Тасман деңиздеринин жана Инди океанынын Тимор деңизинин суулары чулгап турат; батыш жана түштүк жээктерин Инди океанынын суулары чулгап турат.
Австралиянын жанында Жаңы Гвинея жана Тасмания ири аралдары жайгашкан. Австралиянын түндүк-чыгыш жээгин бойлой дүйнөдөгү эң чоң коралл рифи – Чоң Тоскоол рифи жайгашкан жана анын узундугу 2000 чакырымдан ашат[13].
Австралия батыштан чыгышка дээрлик 4000 чакырымга, түндүктөн түштүккө болжол менен 3860 чакырымга созулут жатат[14].
Материктин эң четки чекиттери[14]:
- Түндүк — Йорк тумшугу (10° түштүк кеңдик)
- Түштүк — Саут-Ист-Кейп тумшугу (43° түштүк кеңдик)
- Батыш — Стип-Пойнт тумшугу (114° чыгыш узундук)
- Чыгыш — Байрон тумшугу (154° чыгыш узундук)
Австралиянын жээк тилкесинин узундугу 59 736 км (анын ичинен материктик бөлүгү — 35 877 км, аралдарыныкы — 23 859 км)[15], ал эми өзгөчө экономикалык аймагынын аянты — 8 148 250 км²[16].
Климат
Австралиянын климатына океан агымдарынын таасири астында түзүлөт, анын ичинде Инди океанынын диполу жана Эль-Ниньо агымы олуттуу таасир этет жана алар мезгил-мезгили менен кургакчылыкты жана Австралиянын түндүгүндө циклондордун пайда болушуна алып келген мезгилдүү тропикалык төмөн басымды жаратат[17][18]. Бул факторлор жаан-чачындын жылдан жылга байкалаарлык өзгөрүүсүн шарттайт. Өлкөнүн түндүгүнүн көпчүлүк бөлүгү жайкысын көп жааган жаан-чачын менен тропикалык климаттуу[19].
Австралиянын дээрлик төрттөн үч бөлүгүн чөлдөр жана жарым чөлдөр ээлейт. Өлкөнүн түштүк-батыш бөлүгүндө жер ортолук деңиздик климат басымдуурак келет[20]. Өлкөнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө (Тасманияны кошкондо) климат мелүүн келет[17][19].
Австралиянын кургакчыл келген аймактарына Батыш Австралия муздак агымы таасир этет жана циклондун пайда болуусун шарттайт.
Жаан-чачын өлчөмү
Австралиянын аймагынын дээрлик 40% жылына 250 ммден аз, аймагынын 70% 500 ммден аз жаан жаайт. Австралиянын эң кургак аймагы Түштүк Австралиянын Эйр көлүнүн айланасында жайгашкан. Бул аймакта жылына болгону 125 мм аз жаан жаайт.
Жаан-чачын көп жааган аймактарынын аянты аз. Кар эки жерде гана жаайт — 1350 м бийиктиктен жогору Австралия Альпысы тоолорунда жана 1050 м бийиктиктен жогору Тасмания тоолорунда[21].
Геология
Өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн кең чөлдөр жана ойдуңдар ээлейт. Белгилүү чөлдөрү: Виктория чоң чөлү жана Чоң Кумдуу чөлү. Виктория чөлүнүн чыгышында жарым чөл аймагы болгон Чоң Артезиан бассейни орун алган.
Рельеф
Өлкөнүн аймагы жердин түштүк жарым шарындагы байыркы Гондвана материгинин бир бөлүгү болгон австралия платформасында жайгашкан[22][23]. Материктин чыгышында герцин бүктөлгүчтүктөрүнөн катуу талкаланган — Суу бөлгүч тоо кыркасы (Косцюшко, 2228 м; Таунсенд, 2209 м) жайгашкан. Жаракалар жана дарыя өрөөндөрү тоолорду өзүнчө массивдерге бөлөт. Тоолордун чокулары куполдуу. Тоолордун чыгыш капталдары деңизди карай тик, жар сымал, ал эми батыш капталдары тегиз.
Австралия — мөңгүлөр жана активдүү жанар тоолор жок жалгыз материк, Австралиянын тышкы аймагы болгон, материктен алыс жайгашкан аралдарда эки жанар тоо жайгашкан. Австралиянын эң төмөнкү чекити — аянты 15 000 км² болгон Эйр көлү (-15 м)[24][25].
Косцюшко тоосу Австралия континентинин эң бийик чекити, бирок Австралия мамлекетинин эң бийик чокучу болуп субантарктикалык Херд аралында жайгашкан Моусон жанар тоо чокусу саналат.
Жаратылыш байлыгы
Өлкөнүн негизги жаратылыш байлыгы — минералдык ресурстар. Австралиянын табигый жана ресурстук потенциалы дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн 20 эсе жогору.
Өлкө бокситтин[26] кору боюнча дүйнөдө 3-орунда турат (дүйнөлүк кордун 1/16 бөлүгү жана өндүрүштүн 30%), цирконийдин[27] (дүйнөлүк кордун 2/3) жана урандын[28] (дүйнөлүк кордун 1/3) кору боюнча дүйнөдө 1-орунда. Австралия уран казып алуу боюнча 4-орунда (Казакстан, Намибия жана Канададан кийин), 2022-жылы 4553 тонна уран казылып алынган[28].
Өлкө көмүрдүн кору боюнча дүйнөдө 6-орунда турат. Марганецтин, алтындын, алмаздын олуттуу корлору бар. Өлкөнүн түштүгүндө (Браунлоу кени) жана түндүк-чыгыш жана түндүк-батыш жээктеринде материктик тайыздыктарында мунай жана жаратылыш газынын майда кендери бар.
Гидрология (Суу ресурстары)
Жапайы жаратылыш
Экологиялык кырдаал, жаратылышты коргоо ишмердүүлүгү
Мамлекеттик түзүлүшү
Австралия - Улуу Британия шериктештигинин курамына кирген федерациялык мамлекет. 6 штаттан, 2 аймактан (Түндүк жана Федерациялык Борбор) турат. Конституциясы 1900-ж. 9-июлда кабыл алынган, Башкаруу формасы конституциялык монархия. Мамлекеттик башчысы Британия монархы, өлкөнү анын өкүлү генерал-губернатор башкарат (аны Австралиянын премьер-министринин сунушу менен монарх 5 жылга дайындайт). Мыйзам чыгаруу бийлигинин Жогорку органы парламент, ал монархтан жана 2 палатадан Сенат жана Өкүлдөр палатасынан турат. Сенат (бардыгы 76 депутат; ар бир штаттан 12ден, 1974-жылдан ар бир аймактан 2ден депутат) пропорциялык өкүлдөр системасы боюнча 6 жылга шайланып, ар бир 3 жылда жарымы жаңыланып турат. Төмөнкү палата (148 депутат) мажоритардык система боюнча (альтернативдүү добуш берүү аркылуу) 3 жылга шайланат. Генерал-губернатор конституциялык органды Федерациялык аткаруу советин дайындайт. Айрым учурларда генерал-губернатор Өкүлдөр палатасын жана Сенатты таратууга укуктуу. Өкүлдөр палатасынын полномочиесинин бүтөөрүнө 6 ай калганда аларды тарата албайт. Ар бир штатка монарх тарабынан губернатор дайындалат. Бардык штат (Квинслендден башкасы) эки палаталуу (Мыйзам чыгаруу совети жана Мыйзам чыгаруу жыйыны же Жыйын палатасы) легислатурага ээ. Штат өкмөтүн премьер-министр жетектейт. Штаттар графтыкка, графтык муниципалитеттерге бөлүнөт. Союздук эки аймакты бир палаталуу легислатура жана өкмөт башкарат.
Административдик-аймактык түзүлүшү
Австралия алты штаттан, эки материктик жана башка майда тышкы аймактардан турат.
№ | Аталышы | Түрү | Борбору | Калкы, адам. (2023)[3] |
Аянты, км²[3] |
Картасы |
---|---|---|---|---|---|---|
1 | Австралиянын борбордук аймагы | аймак | Канберра | 454 499 | 2358 | |
2 | Виктория | штат | Мельбурн | 6 503 491 | 227 444 | |
3 | Батыш Австралия | штат | Перт | 2 660 026 | 2 527 013 | |
4 | Квинсленд | штат | Брисбен | 5 156 138 | 1 729 742 | |
5 | Жаңы Түштүк Уэльс | штат | Сидней | 8 072 163 | 801 150 | |
6 | Австралиянын түндүк аймагы | аймак | Дарвин | 232 605 | 1 347 791 | |
7 | Тасмания | штат | Хобарт | 557 571 | 68 401 | |
8 | Түштүк Австралия | штат | Аделаида | 1 781 516 | 984 321 | |
Жалпы саны | 25 422 788 | 7 688 220 |
Калкы
Калкы негизинен (73%и) англис-австралиялыктар (2000), буларга жакын жана Улуу Британия менен Ирландиядан көчүп келгендер 7%ти түзөт. Ал эми антропологиялык курамы ар түрдүү. Жергиликтүү калкы — австралиялык аборигендер 2%. Алардын англиялык колониялоо мезгилинде (18-кылымдын аягы) массалык кыргындан калгандары өлкөнүн ички аймактарында гана жашайт. Калгандары ар кыл антропологиялык типтерге, көбүнчө европеоид расасына кирет. Австралия дүйнөдөгү калк эң сейрек отурукташкан өлкө. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 2,5 киши. Негизинен чыгыш жана түштүк-чыгыш жээктеринде отурукташкан. Христиандар (76%, 2005; анын ичинде протестанттар -46%, англичандар 21%, католиктер -26%), ислам, буддизм, иудаизм динин тутат. Калкынын жашынын узактыгы эркектериники 77,4, аялдарыныкы 82,6 жаш. Шаар калкы 85%. Ири шаарлары: Сидней, Мельбурн, Брисбен, Аделаида, Перт.
Тил
Дин
Экономикасы
Австралия жогорку деңгээлде өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. Ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 410,6 млрд доллар (2002, АКШ), киши башына бөлүштүргөндө 21,0 миң доллардан туура келет. ИДПнын 78%ин тейлөө чөйрөсү (финансы, соода, транспорт, байланыш, курулуш, саламаттыкты сактоо жана башка), 18,6%ин өнөр жай, 3,2%ин айыл чарба түзөт. Байланыш сектору тез темп менен өсүүдө. Экономикасы чет өлкөлүк (АКШ, Улуу Британия, Жапония) инвестицияга көз каранды. Эмгектин эларалык бөлүнүшүндө минералдык сырьёну жана айыл чарба азыктарын өндүрүү үлүшү тийген. Бул эки тармак экспорттун көп бөлүгүн түзөт. Ири корпорациялары: «Телстра» (телекоммуникация), «БроккенХилл пропрайетери компани» (энергетика), «Кока-Кола Аматил» (суусундук), «Рио-Тинто» (түстүү металлургия) жана башка. Ар түрдүү кендери көп. Негизги энергиялык отуну таш көмүр жана күрөң көмүр. Отун казып алуу боюнча индустриалык жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ичинен 1-орунда. Нефть жана газ казып алуу өнүгүүдө. Нефть Квинсленд (Муни), Баррау аралында (Батыш Австралия штатында), Басс кысыгынын тайыз жерлеринде (Виктория штаты), газ Квинсленд, Түштүк Австралия, Батыш Австралия, Виктория штаттарында жана Түндүк аймагында өндүрүлөт. Темир, боксит, титандуу минералдар (ильменит, рутил), висмут кендерин казып алуу боюнча 1-орунда, коргошун казып алуу боюнча 2-орунда (АКШдан кийин) турат. Дүйнөдөгү уран рудасынын запасынын 24%и Австралияда. Олимпик-Дам жана Рейнджер кендери иштетилүүдө. Боксит, чопо, алюминий казып алуу боюнча дүйнөдө 5-, цинк боюнча 2-, никель боюнча 3 орунда (Орусия, Канададан кийин) туруп, никелден платина менен палладий алынат. Жер астынан казып алуу ыкмасы менен алтын, күмүш (6-орунда), асылташтар (опал, сапфир жана башка) казып алынат. Дүйнөдөгү казып алынган алмаздын (5-орунда) 30%и Австралияга туура келет. 2001-ж. 9,5 миң кВт электр энергиясы (негизинен жылуулук электр станциясынан, 85%) өндүрүлгөн. Кара жана түстүү металлургия (рафинацияланган цинк, жез, алюминий), нефть ажыратуу, химия (күкүрт кислотасын өндүрүү, суперфосфат, жасалма каучук, пластмасса), машина куруу (автомобиль жана локоматив, станок куруу, электротехника, радиоэлектроника), металл иштетүү, тамак-аш (эт, ун, сүт консервалары, май жана башка), полиграфия өнөр жайлары өнүккөн. Өлкө айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүү жана сыртка чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда. Ири жер ээлөөчүлүк өнүккөн. Өлкөнүн жер фондунун 59%и айыл чарбасында пайдаланылат. Аймагынын 5%и айдоо аянты, 5%и жайыт жана чабынды. Айыл чарба өндүрүшүнүн негизги үлүшү мал чарбасына туура келет. Койдун саны (2002-ж. 106 млн) жана жүн кыркуу боюнча (дүйнөдөгү өндүрүлгөн жүндүн 30%и) дүйнөдө 1-орунда. Буудай, балкамыш, пахта, шалы, тамеки, жүгөрү, акжүгөрү (сорго), май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк жана жемиш өстүрүү өнүккөн. Балык (136 миң о, 2001), рак (55 миң о), моллюска (38 миң о) кармалат. Ички жүктөрү негизинен темир жол менен ташылат; ошондой эле автомобиль (28%), деңиз транспорттору да өнүккөн. Темир жолунун узундугу 41,3 миң км (анын ичинде 2,5 миң км электрлештирилген), автомобиль жолунуку 913 миң км (анын ичинен 353 миң км асфальтталган). Ири улуттук жана эл аралык аэропорттору (Конгсфорд-Смит) бар. Нефть куурунун узундугу 2,5 миң км, газ куурунуку 5,6 миң км. Австралияда 70ке жакын деңиз порту иштейт. Ирилери: Сидней, Порт-Хедленд, Фримантл, Мельбурн, Ньюкасл, Брисбен. Деңиз-соода флотунун тоннажы 2324 миң о детвейт (1764 рег бр.-о). Сыртка айыл чарба продуктыларын (жүн, буудай, эт, май, сыр), минералдык сырьёлорду (түстүү металл, таш көмүр, темир, боксит) чыгарат. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Улуу Британия, Жапония, Кытай.
Маданияты
Австралияда билим берүү системасы 19-кылымда Британия модели боюнча калыптанган. Өлкөнүн азыркы билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди, 12 жылдык жалпы билим берүүчү мектептерди (милдеттүү 10 жылдык жана 2 жылдык толук орто мектепти), кесиптик жана ЖОЖду камтыйт. Аларга (мамлекет, жеке) штаттардын билим берүү министрлиги жетекчилик кылып көзөмөлдөйт. Учурда Австралияда 41 университет (анын ичинде 3 жеке), Австралия ИА, Гуманитариялык академия, Технологиялык илимдер жана инженерия академиясы, Түштүк Уэльстин тарых илимдеринин королдук коому, көптөгөн колледждер жана башка илимий мекемелер бар. Өлкөдө негизинен Мельбурндан чыгуучу «Острейлиан» («The Australian») жана «Сидней морнинг геральд» («The Sidney Morning Herald») гезиттери белгилүү. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу ишгерин «Острейлиан бродкастинг корпорейшен» («Australian Broadcasting Corporation») корпорациясы жана коммерциялык компаниялар тейлейт. «Жетинчи канал» (Channel 7), «Тогузунчу канал» (Channel 9) жана «Онунчу канал» (Channel 10) деген ири коммерциялык телестанциялары, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарын тейлеген коммерциялык радиостанциялар бар.
Майрам күндөрү
Адабияты
Австралиянын адабияты 19-кылымдан англис тилинде өнүгө баштаган. Колониялык доордо (19-кылымдын аягына чейин) Улуу Британиянын адабий салттарынын таасиринде болгон. Алгач ирет Б. Филддин ыр жыйнагы 1819-ж., эң ири алгачкы прозалык чыгарма Г. Сейверинин «Квинтус Сервинтон» романы 1830-31-ж. жарык көргөн. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында гана австралиялык жазуучулардын чыгармаларында улуттук өзгөчөлүктөр пайда боло баштаган. Мисалы: Г. Лоусондун ыр жана аңгемелер жыйнагы, С. Радда менен Прайс Уорунгдун новеллалары, Эндрю Бартон Патерсондун балладасы жана башка. 1917-29-ж. Г. X. Ричардсондун «Ричард Маэнинин тагдыры» аттуу алгачкы роман-эпопеясы жарык көргөн. Жазуучулар Катарина Сусанна Причард, Алан Маршалл, В. Палмер, Димфна Кьюсактын чыгармалары дүйнөгө белгилүү боло баштаган. 20-кылымдын акырында драматург Д. Уильямсон, жазуучулар К. Маккалоу, Р. Уолес Крэб, Д. Малуф, акын Л. Ларринин, аборигендердин арасынан чыккан акын-жазуучулардын, анын ичинде акындар К. Уокер, Л. Фогорти, драматургдар Ж. Дейвис, Р. Меррит, С. Морган жана башкалардын Австралиянын адабиятын байытууда ролу зор. Абориген-жазуучулар көркөм чыгармаларда өз элинин турмушун чагылдырууда классикалык реализмди гана өздөштүрбөстөн, ошондой эле магиялык реализмдин стилистикасын колдонуп, элдик мифологияны пайдаланууда. Учурда австралиялык абориген жазуучуларынын ичинен А. Уэллер («Алтын булуттардын өлкөсү» философиялык антиутопиялык чыгарманын автору) кеңири белгилүү. Австралиялыктардын көркөм өнөр башаты жергиликтүү австралиялык-аборигендердин үңкүрлөрдүн бетине, калкан, бумеранг жана башка магиялык мүнөздө тартылган сүрөттөрдөн башталат. 18-кылымдын аягынан европалыктардын келиши менен шаарлар көбөйүп, англиялык неоклассикалык, неоготикалык түрдөгү таштан курулган имараттар пайда болгон. Сүрөт искусствосунун башталышы 18-19-кылымдагы К. Мартенстин, С. Т. Гиллдин чыгармалары менен мүнөздөлөт. Кийин улуттук колорит менен коштолгон живопистик чыгармалар жарала баштаган (алардын көрүнүктүү өкүлдөрү: Ч. Кондер, Т. Робертс, Ф. Маккаббин жана башка). 21-кылымдын башында Азиядан келген эммигранттардын таасири менен чыгыш маданиятына таандык белгилер байкалат.
Музыка
Австралиянын элдеринин музыкасы жергиликтүү калктын, англ-австралиялыктар, европалык жана азиялык келгиндердин салттуу музыкалык маданияты менен мүнөздөлөт. Аборигендердин маданиятында музыка ырым-жырымдардын бир бөлүгү катары болгон. Түндүк Ада аборигендердин музыкасы Жаңы Гвинеянын, 14-15-кылымдарда азиялык келгиндердин (Малайя архипелагы жана башка) таасири менен өнүксө, 18-кылымдын аяк ченинде европалык мүнөздөгү маданият калыптана баштаган. 1833-ж. Сидней филармониялык коому, кийинчерээк алгачкы музыкалык окуу жайлары, жеке опералык компаниялар, 1906-ж. симфониялык оркестр түзүлгөн. 1847-ж. Сиднейде биринчи жолу А. Натандын «Дон Джон Австрийский» аттуу операсы коюлган. 1935-ж. Композиторлор гильдиясы, 1951-ж. Сиднейде улуттук опералык компания түзүлгөн. Ошол учурда композиторлор: А. Хилл, П. Грейнджер, К. Дуглас, Н. Мил, Л. Сицки, аткаруучулардын ичинен ырчы Ж. Сазерленд кеңири белгилүү болгон. Учурда өлкөдө «Сидней-Опера-Хаус» музыкалык-театр комплекси (опера жана балет театры менен бирге), Мельбурндагы мамлекеттик театр (1985), Аделаидадагы мамлекеттик операсы (1974), музыкалык борбор, консерваториялар жана башкалар бар.
Театр
Театрда алгачкы оюн көрсөтүүлөр келгиндердин демилгеси менен 1780-ж. ченде эле башталган. 1830-40-ж. Сидней, Хобарт, Мельбурнда театрлар ачылган. Аларда өздүк көркөм чыгармачыл жамааттар эмгектенип, негизинен австралиялык авторлордун, ошондой эле еврей жана америкалык классикалык чыгармаларды театрлаштырышкан. 1954-ж. Елизавета мамлекеттик театр трести уюшулуп, ал негизинен профессионалдык театрды өнүктүрүүнү көздөгөн. Улуттук драматургиянын өнүгүшүнө Р. Лоулер, П. Уайт, Д. Уильямсон жана башка омоктуу салым кошкон. 1960-жылдан аборигендердин театры биртоп өнүгө баштаган, 1987-ж. 1-жолу абориген-драматургдардын улуттук конференциясы өткөрүлүп, анда аборигендердин улуттук театр фонду түзүлгөн.
Кино
Кино өндүрүшү Австралияда 1900-жылдан башталат. 1906-14-ж. 90го жакын кино тартылса, кийин ал кескин кыскарып, кинодогу бул кризис 1960-ж. чейин созулган. Мындай узакка созулган кризистин башкы себеби америкалык жанаа англиялык прокат компаниялары тарабынан дүйнөлүк кинорыногун басып алышы болгон. 1970-80-ж. мамлекеттин колдоо көрсөтүүсү жана Австралия кинематографисттик комиссиянын түзүлүшү менен киноискусствосунда бир топ ийгиликтер башталган. Ошол мезгилде Д. Кромбинин «Кадди» (1976), Ф. Шепизинин «Жимми Блэксмиттин ыры» (1977), П. Феймандын «Крокодил аталган Данди» (1986) жана башка көркөм фильмдер дүйнөгө белгилүү болгон. Америкалык компаниялар Голливудга Австралиянын көрүнүктүү кинематографисттерин (анын ичинде Б. Браун, М. Гибсон, Д. Дэвис, Н. Кидман, Э. Морс, Ж. Раш) ишке тартып, чакыртышкан. Австралиянын Жаңы Зеландия жана Франция менен биргелешип тартышкан «Пианино» (1993, реж. Ж. Кэмпион) фильми 3 ирет «Оскар» сыйлыгына татыктуу болуп, акыркы он жылдыктын киношедеври катары таанылган. Жыл сайын Австралияда 10-15ке жакын кино тартылып турат. Адистер негизинен Австралия кино жана телекөрсөтүү мектеби тарабынан даярдалат.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
Дагы окуңуз
- Кокос аралдары
- Рождество аралы
- Ашмор жана Картье аралдары
- Коралл деңизи аралдары
- Херд аралы жана Макдональд аралдары
- Норфолк аралы
- Антарктикадагы Австралиянын аймагы
Булактар
- ↑ A Very Brief History of Hispanics in Australia
- ↑ Scott, Ernest. The Life of Captain Matthew Flinders — Kessinger Publishing 2004. — P. 299. — ISBN 978-1-4191-6948-9.
- ↑ 3.0 3.1 3.2 Area of Australia - States and Territories (англисче)
- ↑ Australia's Size Compared (англисче)
- ↑ Cocos (Keeling) Islands (англисче)
- ↑ Christmas Island (англисче)
- ↑ Ashmore and Cartier Islands (англисче)
- ↑ Coral Sea Islands (англисче)
- ↑ Heard and McDonald Islands (англисче)
- ↑ Norfolk Island (англисче)
- ↑ Australian Antarctic Territory (англисче)
- ↑ Australia's External Territories (англисче)
- ↑ UNEP World Conservation Monitoring Centre. Protected Areas and World Heritage — Great Barrier Reef World Heritage Area (англисче)
- ↑ 14.0 14.1 Continental Extremities (англисче)
- ↑ Coastline Lengths (англисче)
- ↑ Oceans and Seas (англисче)
- ↑ 17.0 17.1 No more drought: it's a 'permanent dry'
- ↑ Australia's epic drought: The situation is grim
- ↑ 19.0 19.1 Australia - Climate of Our Continent. Текшерилген күнү 2 -февраль (бирдин айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 17 -март (жалган куран) 2009.
- ↑ Climate of Western Australia. Текшерилген күнү 30 -март (жалган куран) 2009. Түп булактан архивделген күнү 30 -март (жалган куран) 2009.
- ↑ Австралия. Энциклопедия Кругосвет. (орусча)
- ↑ Pirajno, F., Occhipinti, S.A. and Swager, C.P., 1998. Geology and tectonic evolution of the Palaeoproterozoic Bryah, Padbury and Yerrida basins, Western Australia: implications for the history of the south-central Capricorn orogen Precambrian Research, 90: 119–40 (англисче)
- ↑ Tectonic evolution of the Lachlan Orogen, southeast Australia: historical review, data synthesis and modern perspectives (англисче)
- ↑ Australian Facts (англисче)
- ↑ Highest And Lowest Points Of Countries Of The World (англисче)
- ↑ BAUXITE AND ALUMINA. АКШнын геологиялык кызматы. (англисче)
- ↑ ZIRCONIUM AND HAFNIUM. АКШнын геологиялык кызматы. (англисче)
- ↑ 28.0 28.1 World Uranium Mining Production
Тышкы шилтемелер
Өкмөт
Расмий малыматтар
- Австралиянын санариптик атласы (англисче)
- Австралиянын улуттук архиви (англисче)
- Австралиянын статистикалык бюросу (англисче)