Гренада: нускалардын айырмасы
No edit summary |
|||
91-сап: | 91-сап: | ||
Сот бийлиги Падышалык сотторго таандык. |
Сот бийлиги Падышалык сотторго таандык. |
||
== Куралдуу күчтөрү == |
|||
Эгемендүүлүктү алгандан кийинки алгачкы жылдары Гренадада өзүнүн куралдуу күчтөрү болгон эмес, ошондуктан Улуу Британия аралды коргоо милдетин өзүнө алган. |
|||
Гренаданын куралдуу күчтөрү «Элдик революциялык армия» биринчи жолу 1979-жылдагы революциядан кийин түзүлгөн, бирок 1983-жылы АКШнын Гренадага басып киришинен кийин куралдуу күчтөр толугу жоюлган. |
|||
1985-жылдын апрелинин ортосунда АКШнын жетекчилиги астында Блэйз Өкмөтү үчүн биринчи полиция бөлүмүн даярдоо аяктаган, калган полиция бөлүмдөрүн даярдоо 30-жылдын 1985-сентябрына чейин бүтүшү керек деп пландалган<ref>[https://books.google.kg/books?id=N7aZaTIOL5EC&redir_esc=y The Engineer. U.S. Army Engineer Center and Fort Belvoir, 1983]</ref>. |
|||
1985-жылы Гренада АКШнын Сент-Люсиядагы аскердик маневрлерине катышкан. |
|||
2015-жылга карата Гренада Өкмөтүнүн аскерлештирилген куралдуу күчтөрү Падышалык полиция күчтөрүнөн (900 адам) жана жээк күзөтүнүн бөлүгүнөн (60 киши) турат. |
|||
== Административдик-аймактык түзүлүшү == |
== Административдик-аймактык түзүлүшү == |
18 ноябрь 2024, саат 09:02 учурдагы нуска
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
Гренада | |||||
| |||||
Урааны: «Кудайды ар дайым таануу менен биз алдыга умтулабыз, бир эл катары өнүгөбүз(англ. Ever conscious of God we aspire, build and advance as one people)» | |||||
Гимн: «Hail Grenada» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 7-февраль 1974-жыл | ||||
Расмий тили | англис тили | ||||
Борбор шаары | Сент-Жоржес | ||||
Ири шаарлар | Сент-Жоржес | ||||
Башкаруу формасы | Конституциялык монархия | ||||
Король Генерал-губернатор Премьер-министр |
Чарльз III Сесиль Ла Гренейд Дикон Митчелл | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. |
185-орун - дүйнөдө 348,5 км² 1.6 | ||||
Калкы • Бааланган (2021) • Жыштыгы |
124,610 адам (179-орун) 318,58 ад./км² | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы |
2,3 млрд $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
1,3 млрд $ 11,437 $ | ||||
АДӨИ | ▲ 0,793 (жогору) (73-орун) | ||||
Акча бирдиги | Чыгыш кариб доллары (XCD) | ||||
Домени | .gd | ||||
ISO коду | GD | ||||
ЭОК коду | GRN | ||||
Телефон коду | +1-473 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC -04:00 | ||||
Гренада (англ. Grenada) — Кариб деңизинин түштүк-чыгышындагы арал мамлекет, Гренада аралын жана Кичи Антиль аралдар тобунунун Гренадин аралдарынын түштүк бөлүгүнэ элейт[1].
Этимология
«Гренада» деген аталыштын келип чыгышы белгисиз, бирок испан саякатчылары аралдын атын Андалусиянын Гранада шаарынын урматынан коюшкан[1][2]. «Гранада» аталышы биринчилерден болуп 1520-жылдары испан карталарында пайда болгон. Бул аралдын түндүгүндөгү аралдар испандар тарабынан «Лос Гранадиллос» («Кичи Гранадалар») деп аталган[3].
Тарыхы
Гренада аралдарын Колумб 1498-жылы Америкага болгон үчүнчү саякаты учурунда ачкан. Аралда Кариб индейлери жашаган. Аралдагы биринчи европалыктардын конуштарын испандар, кийин француздар жана англиялыктар түптөшкөн. 1609-жылы апрелде Робинсон жана Годфри баштаган англиялык экспедиция бул аралдын аймагында колонияны түзүүгө аракет кылышкан, бирок алар курган чепке жергиликтүү тургундар кол салып, талкалап, колонизаторлордун көбүн өлтүрүшкөн[4].
Франция аралды 1650-жылы сатып алган. Мартиниканын губернатору аралда европалыктардын ири конушун түзүп, кийинчерээк бул конуш Сент-Жоржес шаарына айланган. Жергиликтүү калкты европалыктар 1655-жылы толугу менен жок кылышкан. Француздар Гренадада тамеки жана индиго, андан кийин пахта жана мускат жаңгагын өстүрө башташкан. Плантацияларга иштөө үчүн африкадан кулдар алынып келинип турган[3].
1763-жылы британиялыктар аралды басып алышкан, бирок француздар аралды 1779-жылы кайрадан кайтарып алышкан. Акыры, 1783-жылы Версаль келишими боюнча арал Англияга өткөрүлүп берилген.
1885-1956-жылдар аралыгында Гренада Британиянын Левард аралдарынын, 1958-жылдын январынан 1962-жылдын майына чейин Вест-Индия федерациясынын курамында болгон. 1967-жылы Гренадага ички өзүн-өзү башкаруу киргизилген.
Британ шериктештигининин курамында калуу менен көз карандысыздыгын1974-жылы алган. 1974-жылы апрелде Гренада Кариб өлкөлөрүнүн Бирлигинин мүчөсү[5], 1974-жылы сентябрда БУУнун мүчөсү болуп кабыл алынган[6].
География
Гренада жанар тоонун атылышынын пайда болгон арал. Жээк бөлүгү ойдуңдуу келет. Аралдын ички бөлүгүн тоолор жана дөңсөөлөр ээлейт. Жанар тоолордун чокуларынын максималдуу бийиктиги 840 метрге жетет (Сент-Катерин тоосу)[7]. Аралда дарыялар аз, бирок майда сайлар жана булактар көп.
Аралда түшүмдүү жанар тоолук топурактуу аймактар арбын. Нымдуу тропиктик дайыма жашыл токойлордо баалуу дарактардын түрлөрү сакталып калган[8]. Аралдын айланасындагы деңиз суулары балыктарга, рак сымалдууларга жана моллюскаларга бай.
Гренада, Гренадин аралдарынын түштүк бөлүгүн (эң чоң Кариока аралы менен) курамына камтыйт.
Климат
Климаты тропиктик, жаан-чачындуу мезгил майдан октябрга чейин уланат. Жаан-чачындын өлчөмү жылына 1500 ммден ашык. Июлдан октябрга чейинки убакыт бороон-чапкындардын мезгили. Орточо айлык температура болжол менен +26°C тегерегинде.
Саясий түзүлүшү
Шериктештиктин курамына кирген конституциялык монархия болуп саналат. Мамлекет башчысы жана аткаруу бийлигинин башчы — Чарльз III. Падышанын атынан, шайлоодо жеңген партиянын лидеринин сунушу боюнча өкмөттү генерал-губернатор дайындайт.
Мыйзам чыгаруу бийлиги Сенаттан (13 мүчөсүнүн 10 мүчөсү генерал-губернатор тарабынан жана 3 мүчөсү оппозиция тарабынан дайындалат) жана Өкүлдөр палатасынан (15 депутат, калк тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат) турган эки палаталуу парламентке таандык.
Сот бийлиги Падышалык сотторго таандык.
Куралдуу күчтөрү
Эгемендүүлүктү алгандан кийинки алгачкы жылдары Гренадада өзүнүн куралдуу күчтөрү болгон эмес, ошондуктан Улуу Британия аралды коргоо милдетин өзүнө алган.
Гренаданын куралдуу күчтөрү «Элдик революциялык армия» биринчи жолу 1979-жылдагы революциядан кийин түзүлгөн, бирок 1983-жылы АКШнын Гренадага басып киришинен кийин куралдуу күчтөр толугу жоюлган.
1985-жылдын апрелинин ортосунда АКШнын жетекчилиги астында Блэйз Өкмөтү үчүн биринчи полиция бөлүмүн даярдоо аяктаган, калган полиция бөлүмдөрүн даярдоо 30-жылдын 1985-сентябрына чейин бүтүшү керек деп пландалган[9].
1985-жылы Гренада АКШнын Сент-Люсиядагы аскердик маневрлерине катышкан.
2015-жылга карата Гренада Өкмөтүнүн аскерлештирилген куралдуу күчтөрү Падышалык полиция күчтөрүнөн (900 адам) жана жээк күзөтүнүн бөлүгүнөн (60 киши) турат.
Административдик-аймактык түзүлүшү
Калкы
Гренадалыктардын 82% мурунку африкалык кулдардын тукумдары[10][1]. XVII кылымда арал француз колонизациясына айлангандан кийин жергиликтүү калктын аз гана бөлүгү калган. 1857-1885-жылдары Гренадага Индиянын Бихар жана Уттар-Прадеш штаттарынан жумучулар келишимдин негизинде келишкен. Бүгүнкү күндө Гренаданын калктын 2,2%индиядан келген жумушчулардын урпактары түзөт.[12] Ошондой эле француз жана англис улуттундагы адамдаржын чакан коомдору бар, калктын 13% бөлүгүн улуттар аралык никеден туулгандар түзүшөт.
Гренада, Кариб аралдарынын көпчүлүк мамлекеттери сыяктуу эле, жарандарынын арасында чет өлкөгө миграцияга кеткендердин саны чоң мамлекеттердин катарына кирет. Көптөгөн жаштар чет өлкөгө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү издеп кетишкен жана миграциянын негизги себеби болуп экономикалык абал санадат. Гренадалыктар үчүн популярдуу миграциялык багыттарга Барбадос, Түндүк Американын шаарлары (Нью-Йорк, Торонто жана Монреаль сыяктуу), Улуу Британия (айрыкча Лондон жана Йоркшир[11]) жана Австралия кирет.
Диний курам
2011-жылдагы калкты каттоо боюнча маалыматтарга ылайык, диний курамы төмөнкүдөй[12][1]:
- Протестанттар — 49,2%
- Элүүнчү күндүктөр — 17,2%
- Жетинчи күндүн адвентисттери — 13,2%
- Англикандар — 8,5%
- Баптисттер — 3,2%
- Ыйсадагы Кудайдын чиркөөсүнүн жолдочуулары 2,4%
- Eвангелисттер — 1,9%
- Методисттер — 1,6%
- Башка агымдары — 1,2%
- Католиктер — 36%
- Динге ишенбегендер — 5,7%
- Дини белгисиздер — 1,3%
- Жахабанын күбөлөрү — 1,2%
- Растафари — 1,2%
- Башка диндер (индуизм, ислам, афроамерикалык диндер жана иудаизм) — 5,5%
2022-жылы Гренадага «Freedom House» уюму тарабынан дин тутуу эркиндиги үчүн төрт баллдан төрт балл берилген (жогорку баалоо)[13].
Тил
Расмий тили болуп англис тили Конституциясында көрсөтүлгөн. Француз тилинин вест-индиялык диалекти болуп саналган патуа тили да кеңири колдонулат[14]. Индия менен Гренадалыктардын урпактарынын арасында дагы деле хинди тили күнүмдүк жашоолорунда колдонулуп келет.
Экономикасы
Гренаданын экономикасынын негизин тейлөө тармагы, анын ичинде туризмден түшкөн киреше түзөт[15][16]. Гренада Өкмөтү 1996-жылы оффшордук банктардын ишин жөнгө салуучу бир нече укук-ченемдерин кабыл алгандан кийин, 1997-жылы оффшордук каржы кызматтарын көрсөтө баштаган. 2001-жылы экономиканын бул сектору өлкөнүн ички дүң продуктусунун 1,2% камсыз кылган.
Айыл чарбасында банан, какао, мускат жаңгагы, цитрус жемиштери, авокадо, жашылчалар, кант камышы, жүгөрү, өстүрүлөт[17].
Тамак-аш жана текстиль иштетүү боюнча бир нече ишкалар иштейт.
Экспорттун негизги товарлары банан, какао, мускат жаңгагы жана негизги сатып алуучулар болуп Сент-Люсия (16,4%), АКШ (11,3%), Улуу Британия (11,3%) (2008-жылы).
Азык-түлүк, өнөр жай товарлары, отун жана башкалар импорттолот. Негизги импортточулары болуп Тринидад жана Тобаго (43,1%), АКШ (24,5%), Барбадос (3,6%) саналат.
Маданияты
Социалдык тармагы
Улуттук символдор
-
Желеги
-
Герби
-
Гимни
-
Бугенвиллея
-
Гренада көгүчкөнү
-
Мускат жаңгагы
Булактар
- ↑ 1.0 1.1 1.2 1.3 CIA. The World Factbook. Grenada
- ↑ Crask, Paul. Grenada, Carriacou, Petite Martinique : the Bradt travel guide
- ↑ 3.0 3.1 Island Caribs and French Settlers in Grenada, 1498-1763
- ↑ Beverley A. Steele. Grenada: A History of Its People
- ↑ CARICOM. Member States and Associate Members
- ↑ UN. Member States
- ↑ An Ecoregion-Based Approach to Protecting Half the Terrestrial Realm
- ↑ Anthropogenic modification of forests means only 40% of remaining forests have high ecosystem integrity
- ↑ The Engineer. U.S. Army Engineer Center and Fort Belvoir, 1983
- ↑ Encyclopædia Britannica. Grenada
- ↑ Yorkshire's Windrush generation to share their stories in new film
- ↑ WorldAtlas. What Religions Are Practiced In Grenada?
- ↑ Fredom House. Grenada
- ↑ Are They Dying? The Case of Some French-lexifier Creoles
- ↑ Grenada, secret gem of Caribbean, a must-see sailing destination
- ↑ The 10 best beaches in the world
- ↑ Agro-processing in Grenada and its future
Тышкы шилтемелер
Түндүк Америка мамлекеттери | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Антигуа жана Барбуда • Багама аралдары • Барбадос • Белиз • Гаити • Гватемала • Гондурас • Гренада • Доминика • Доминикана Республикасы • Канада • Коста-Рика • Куба • Мексика • Никарагуа • Панама • Сальвадор • Сент-Люсия • Сент-Винсент жана Гренадиндер • Сент-Китс жана Невис • АКШ • Тринидад жана Тобаго • Жамайка | |
Көз каранды аймактар | Америка Виржин аралдары • Ангилья • Аруба • Бонайре, Синт-Эстатиус жана Саба • Британия Виржин аралдары • Гваделупа • Гренландия • Кайман аралдары • Клиппертон • Кюрасао • Мартиника • Монтсеррат • Навасса • Пуэрто-Рико • Сан-Андрес жана Провиденсия • Сен-Бартелеми • Сен-Мартен • Сен-Пьер жана Микелон • Синт-Мартен • Теркс жана Кайкос аралдары • Венесуэланын федералдык ээликтери |