Мадазимов Рахмонберди: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
23-сап: | 23-сап: | ||
== Өмүр баяны == |
== Өмүр баяны == |
||
Мирзо '''Рахмонберди [[ажы]] Мухаммадазим аълам уулу''' (Мадазимов) [[1875]] жылы [[Ош шаары]]нда туулган. Ал эми, ал жана анын атасы Мухаммадазим [[Мекке]]ге [[ажылык]]ка барган |
Мирзо '''Рахмонберди [[ажы]] Мухаммадазим аълам уулу''' (Мадазимов) [[1875]] жылы [[Ош шаары]]нда туулган. Ал эми, ал жана анын атасы Мухаммадазим [[Мекке]]ге [[ажылык]]ка барган кадырлуу окумуштуу молдолор болчу, ал дуба окуп үмүтсүз оор ооругандарды дарылаган. Мирзо Рахмонберди [[ажы]] чоң кадыр-баркка ээ болгон. |
||
[[1914]] жылы '''Рахмонберди Мадазимов''' жетекчилиги астында [[Ош шаары]]нын [[Орус-тузем мектептери|орус-тузем мектеби]] мугалими [[Султанов, Балтакожо|Балтыходжа Султанов]] менен бирге [[театр]]алдык кружок негизделген.<ref>[https://archive.li/BtIRI Ош старейший театр республики отметил своё 95-летие]</ref> |
[[1914]] жылы '''Рахмонберди Мадазимов''' жетекчилиги астында [[Ош шаары]]нын [[Орус-тузем мектептери|орус-тузем мектеби]] мугалими [[Султанов, Балтакожо|Балтыходжа Султанов]] менен бирге [[театр]]алдык кружок негизделген.<ref>[https://archive.li/BtIRI Ош старейший театр республики отметил своё 95-летие]</ref> |
||
[[1918]] жылы Рахмонберди Мадазимов жетекчилиги астында [[Ош уезди]]нын башка агартуу ишмерлери жана мугалимдери Бекназар Назаров, Иброхим Мусабоев, Журахон Зайнобиддинов, Назирхан Камолов, Абдурашид Эшонхонов, А. Саидовтор менен бирге [[Түркстан]] фронти Реввоенсоветине караштуу концерт бригадасын базасында [[Кыргызстан]]да биринчи жолу жергиликтүү мусулман элдерден түзүлгөн өз демилгеси менен иштөөчү театралдык кружок негизделген. Кийин ал труппага Абдукодир Исхоков, Исроилжон Исмоилов, Жалил Собитовтор кошулган. |
[[1918]] жылы Рахмонберди Мадазимов жетекчилиги астында [[Ош уезди]]нын башка агартуу ишмерлери жана мугалимдери Бекназар Назаров, Иброхим Мусабоев, [[:ru:Зайнобиддинов, Журахон|Журахон Зайнобиддинов]], Назирхан Камолов, Абдурашид Эшонхонов, А. Саидовтор менен бирге [[Түркстан]] фронти Реввоенсоветине караштуу концерт бригадасын базасында [[Кыргызстан]]да биринчи жолу жергиликтүү мусулман элдерден түзүлгөн өз демилгеси менен иштөөчү театралдык кружок негизделген. Кийин ал труппага Абдукодир Исхоков, Исроилжон Исмоилов, Жалил Собитовтор кошулган. |
||
Театр труппасынын биринчи директору, көркөм жетекчиси жана башкы режиссёру Рахмонберди Мадазимов [[Кыргызстан]]дын театралдык кыймылдын биринчи негиздөөчүсү жана уюштуруучусу болгон<ref>[https://archive.is/ZiH72 <small>Они стояли у истоков</small>]</ref>. [[1919]] жылы кружок драма труппасы болуп калыптанды. Бул труппа [[Кыргызстан]] түштүгүндө театралдык көркөм өнөрун өнүктүрүүго гана эмес жана кесиптик музыкалык көркөм өнөрун өнүктүрүүго дагы кызмат кылды. Анткени труппанын |
Театр труппасынын биринчи директору, көркөм жетекчиси жана башкы режиссёру Рахмонберди Мадазимов [[Кыргызстан]]дын театралдык кыймылдын биринчи негиздөөчүсү жана уюштуруучусу болгон<ref>[https://archive.is/ZiH72 <small>Они стояли у истоков</small>]</ref>. [[1919]] жылы кружок драма труппасы болуп калыптанды. Бул труппа [[Кыргызстан]] түштүгүндө театралдык көркөм өнөрун өнүктүрүүго гана эмес жана кесиптик музыкалык көркөм өнөрун өнүктүрүүго дагы кызмат кылды. Анткени труппанын репертуарында спектакль коюудан тышкары, көптөгөн [[концерт]]тик программалар коюлду, ошондой эле спектаклдерди коштоогон элдик обондор үчүн музыкалык иштеп чыгуу жүргүзүлгөндүктан музыкант-профессионалдардын калыптанышы жолундо өзгөчө этабы болду. |
||
Андан ары бул труппа [[Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры]]н түзүү үчүн негиз болуп калды.<ref>[https://www.centrasia.org/person2.php?st=1386103932 <small>Центразия Персоны</small>]</ref> [[Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры|Ош шаарындагы өзбек драма театры]] [[Борбордук Азия]]да [[Ташкент]] шаарындагы Хамза атындагы өзбек улуттук академиялык драма театрынан ([[1913]]-[[27 февраль]] [[1914]] жылдары негизделген) кийинки экинчи байыркы профессионал театры болуп эсептелет. |
Андан ары бул труппа [[Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры]]н түзүү үчүн негиз болуп калды.<ref>[https://www.centrasia.org/person2.php?st=1386103932 <small>Центразия Персоны</small>]</ref> [[Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры|Ош шаарындагы өзбек драма театры]] [[Борбордук Азия]]да [[Ташкент]] шаарындагы Хамза атындагы өзбек улуттук академиялык драма театрынан ([[1913]]-[[27 февраль]] [[1914]] жылдары негизделген) кийинки экинчи байыркы профессионал театры болуп эсептелет. |
||
109-сап: | 109-сап: | ||
== Жеке жашоосу == |
== Жеке жашоосу == |
||
Атасы - Ибни Мухаммадаъзим аълам ([[1876]] жылы |
* Атасы - Ибни Мухаммадаъзим аълам ([[1876]] жылы каза болгон), диний ишмер. |
||
* Энеси - Биби Солиха ([[1850]]-[[1922]]) Уратепа шаарында төрөлгөн. |
|||
* Жубайы - Бибихон ([[1884]]-[[1922]]) Уратепа шаарында төрөлгөн. |
|||
* Балдары - Назокатхон ([[1902]]-[[1934]]), Хожинисо ([[1907]]-[[1932]]), [[Рахмонов Уринбой|Уринбой]] ([[1910]]-[[1980]]), Назирхон ([[1912]]-[[1917]]), [[Рахмонов Журахон|Журахон]] ([[1917]]-[[1977]]). |
|||
* Экинчи аялы Шарофатхон ([[Өзгөн]] шаарынын тургуну) [[Султанов Мухтар Насруллаевич|Мухтар Султанов]]дун энеси болгон. |
|||
* Небереси: [[:uz:Azizullo Izzatullayev|Азизулло Иззатуллаев]] |
|||
* Туугандары: [[:ru:Ходжаназар Хувайдо|Хужаназар Хувайдо]], [[Абдуллаев, Хабиб Мухамедович|Хабиб Абдуллаев]] |
|||
* Жээндери: [[:ru:Касымов, Анвар Махмудович|Анвар Косимов]], ырчы Мухаммадкарим Соипов. |
|||
* Кудалары тарабынан туугандары: [https://24.kg/obschestvo/73205_segodnya_vbishkeke_informatsionnaya_karta/ Султан жана Кудрат Таирбаевдер]<ref>[http://www.boris-belogolovy.ru/zaycev/zaycev27.html Памирские письма капитана Зайцова]</ref><ref>[https://www.facebook.com/odiljon.dadajonov/posts/2351438128427184 Тоирбоев Султон мингбоши]</ref>, [[Балтакожо Султанов]], [[Иззат Султанов|Иззат Султан]], [[Султанов Мухтар Насруллаевич|Мухтар Султанов]], [[Мамадали Курбанов]], [[:ru:Косимов, Махмуд Тожикулович|Махмуд Косимов]], [[:ru:Отабоев, Алишер Абдужалилович|Алишер Отабоев]], [http://archive.ph/Qk1qZ Кодир Рахматович Парпиев], [http://www.sayasat.kg/society-mobile/57115-known-and-unknown-wife-of-the-president-of-uzbekistan-ziroathon-hoshimova.html Зироатхон (Ойхон) Хошимова], [[:uz:Erkin Komilov|Эркин Комилов]], Мурод Зайнобиддинович Салохиддинов - "Узвторцветмет" ААК мурдагы төрагасы, Ахмаджон Давидов - [[Ош шаары]]нын аткаруу комитетинин төрагасы. |
|||
== Жазган китептери == |
== Жазган китептери == |
25 декабрь 2019, саат 14:45 учурдагы нуска
Төрөлгөндөгү ысымы: |
Мирза Рахмонберди Мухаммадазим аълам уулу |
---|---|
Туулган датасы: | |
Туулган жери: | |
Өлгөн датасы: | |
Өлгөн жери: | |
Жарандыгы: | |
Кесиби: |
Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрын биринчи негиздөөчүсү, директору, көркөм жетекчиси, башкы режиссёру жана артисти, жазуучу, музыкант |
Карьерасы: | |
Багыты: |
театр артисти, көркөм жетекчиси жана ,башкы режиссёру |
Рахмонберди Мухаммадазимович Мадазимов (өзб. Раҳмонбери Мадазимов; (1875, Ош шаары, Ош уезди, Түркстан - 1933), Өзгөн шаары, Ош облусу, Кыргыз ССР - Кыргызстанда театралдык кыймылдын негиздөөчүсү жана уюштуруучусу, Борбордук Азияда экинчи байыркы профессионал театры болуп эсептелген Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрын негиздөөчүсү, биринчи директору, көркөм жетекчиси жана башкы режиссёру, кыргызстандык артист, жазуучу жана музыкант. Ал Кыргызстандын маданиятын жана көркөм өнөрүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон.
Өмүр баяны
Мирзо Рахмонберди ажы Мухаммадазим аълам уулу (Мадазимов) 1875 жылы Ош шаарында туулган. Ал эми, ал жана анын атасы Мухаммадазим Меккеге ажылыкка барган кадырлуу окумуштуу молдолор болчу, ал дуба окуп үмүтсүз оор ооругандарды дарылаган. Мирзо Рахмонберди ажы чоң кадыр-баркка ээ болгон.
1914 жылы Рахмонберди Мадазимов жетекчилиги астында Ош шаарынын орус-тузем мектеби мугалими Балтыходжа Султанов менен бирге театралдык кружок негизделген.[1]
1918 жылы Рахмонберди Мадазимов жетекчилиги астында Ош уездинын башка агартуу ишмерлери жана мугалимдери Бекназар Назаров, Иброхим Мусабоев, Журахон Зайнобиддинов, Назирхан Камолов, Абдурашид Эшонхонов, А. Саидовтор менен бирге Түркстан фронти Реввоенсоветине караштуу концерт бригадасын базасында Кыргызстанда биринчи жолу жергиликтүү мусулман элдерден түзүлгөн өз демилгеси менен иштөөчү театралдык кружок негизделген. Кийин ал труппага Абдукодир Исхоков, Исроилжон Исмоилов, Жалил Собитовтор кошулган.
Театр труппасынын биринчи директору, көркөм жетекчиси жана башкы режиссёру Рахмонберди Мадазимов Кыргызстандын театралдык кыймылдын биринчи негиздөөчүсү жана уюштуруучусу болгон[2]. 1919 жылы кружок драма труппасы болуп калыптанды. Бул труппа Кыргызстан түштүгүндө театралдык көркөм өнөрун өнүктүрүүго гана эмес жана кесиптик музыкалык көркөм өнөрун өнүктүрүүго дагы кызмат кылды. Анткени труппанын репертуарында спектакль коюудан тышкары, көптөгөн концерттик программалар коюлду, ошондой эле спектаклдерди коштоогон элдик обондор үчүн музыкалык иштеп чыгуу жүргүзүлгөндүктан музыкант-профессионалдардын калыптанышы жолундо өзгөчө этабы болду. Андан ары бул труппа Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрын түзүү үчүн негиз болуп калды.[3] Ош шаарындагы өзбек драма театры Борбордук Азияда Ташкент шаарындагы Хамза атындагы өзбек улуттук академиялык драма театрынан (1913-27 февраль 1914 жылдары негизделген) кийинки экинчи байыркы профессионал театры болуп эсептелет.
Рахмонберди Мадазимов театр курамында Ош уездинын бардык райондорунда болуп, ал жерде спектаклдер коюп басмачылык менен көркөм өнөр жана маданият куралы менен күрөшту. Райондорда спектаклдер коюп, басмачылар жайгашкан жана аларды куралдарын сактоочу жайларын билген. Ал өзүнүн кудасы Ош шаарынын милициясын негиздөөчүсү жана биринчи башчысы Балтыходжа Султанов менен бирге басмачылыкты жок кылууда активдүү катышкан. Ал өзүнүн арабасында театр реквизити менен бирге куралдарды бекитип кызылдарга ташып, басмачылар бандалары жайгашкан жерлерден өткөргон, ошентип Кызыл армияны курал-жарак жана ок-дарылар менен жабдуу кылган.
Драма труппасында Рахмонберди Мадазимов тарабынан коюлган Маннон Уйгурдын "Түркстандык табып" пьесасы өз убагында реакцион диний ишмерлердин кескин нааразылыгын келтирди. Ошол кезде труппа курамында аял актрисалар жок эле, анда аялдардын ролун Журахон Зайнобиддинов мыкты аткарган. Жарандык согуштун убагында Ошко чектеш болгон райондор согуш майданына айланды. Ош шаарынын милициясын башчысы Балтыходжа Султановдун сунушу боюнча труппа бул фронттун катышуучусу жана большевиктер партиясынын үгүтчүүсү болуп калды. Театралдык труппа Ош уездинин айылдарында, базарларда, аянттарда жана эл көп чогулган башка жерлерде спектаклдер жана концерттерди коюп, басмачылардын кара ниеттерин көрсөттү. Көрүнүктүү революция ишмерлери Балтыходжа Султанов жана Фазылбек Касымбековтор театралдык труппанын жаш жамаатына бутга турууга жардам берди.
Б. Султановдун кудасы Ош өзбек театрын биринчи негиздөөчүсү, директору жана көркөм жетекчиси Рахмонберди Мадазимов мындай айтып жүргөн: Корбашы Мадаминбек Андижанга жакын жерлерде талоончулук кылып, тургундарга куралдуу кол салып журду. Ош шаарынын милициясын башчысы Балтыходжа Султанов жана Ош гарнизону Андижан аскердик гарнизонун курал-жарак менен камсыз кылуу учун жардам берууну каалады. Бирок ал жакка куралды кандай жеткирүүгө болот? Бул көйгөйдү театр артисттери чечти. Арабаны жасалгалашты, анга курал-жаракты жайып коюшту, үстүнөн төшөктөр коюшту. Артист Рахмонберди Мадазимов грим сыйпоолоп жана чоң "ишан"-диний үгүттөөчү болду. Дагы эки актёр анын "муридтери"-шакирттери болуп калды. Өзүнө жакын мусулмандардын ыйык Куран китебин коюшту, аны окуп жолго тушту. Араба Ходжаабадга жакындап барганда ок атылганы угулду. Арабаны ондогон басмачылар курчооду. Ошондо арабакеч басмачыларга бармагы менен "жымжырт" деп белгисин көрсөттү жана парданы тартып койду. Басмачылар "ишан" жана анын "шакиртерин" көрүүшту жана жүгүнүүшту. Андан кийин аларды Андижанга чейин урмат менен жеткиришти. Курал-жарак менен камсыз кылуу үчүн труппанын мындай "постановкалары" бир нече жолу кайталанды.
Кыргыз АССР эл комиссарлары Кеңешинин 1929 жылдагы токтомуна ылайык театр өз ишин кесипкөй негизде баштаган. Ошол убакыттан баштап театр сахнасында көйгөйлүү маселелерди чагылдырган чоң пьесалар жана чыгармалар коюлгон. Сахнада Рахмонберди Мадазимов тарабынан коюлган Камил Яшин жана Музаффар Мухамедовдун "Гулсара" музыкалуу драмасы чоң окуялардын бири болуп калды. 1929-1931 жылдары театрда Рахмонберди Мадазимов тарабынан К. Яшиндин "Лолахон", "Ажи-ажи" пьесалары коюлду. Бул чыгармалар идеялык душмандардын кара ойлорун ачып берди. "Лолахон" спектакли Араван, Өзгөн, Кара-Суу, Ходжаабад эмгекчилерин арасында көп жолу коюлуп жатты. Театр кызматкерлерине карата реакциялык элементтер бир катар кол салууларды уюштуруштуу. Театр артисттери Рахмонберди Мадазимовду, Розияхон Муминованы, Тожихон Хасанованы, Уринбой Рахмоновду кармап алуу жана көздорүн чукуу учун жалдангычтар даярдалган эле. Артисттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аларга куралдуу сакчылар коюлган эле.
Уюштуруу кыйынчылыктарга карабастан, театр өзүнүн репертуарын жаңы идеялык жана чоң көркөм чыгармалардын эсебинен кеңейтти. Театрга бул учун СССРдин эл артисти Рахим Пирмухамедов, Өзбекстандын эл артисттери Хикмат Латипов жана Кудрат Ходжаевтер чоң практикалык жардам көрсөттүшту. Ош театрын сахнасында Рахмонберди Мадазимов тарабынан "Эки коммунист", "Достор", "Алишер Навои" жана башка чыгармалар коюлду.
Ош өзбек драма театрын биринчи негиздөөчүсү, директору, көркөм жетекчиси жана режиссёру Рахмонберди ажы Мадазимов Өзгөн шаарына көчүүп кеткенине байланыштуу 1932 жылы театрдан жумуштан кетти жана 1933 жылы май айынын аягында Өзгөн шаарында каза болду.
Рахмонберди Мадазимов жазуучу эле, анын "Оштун мүнөздөмөсу" жана "Аттардын сөздүгу" китептери 1914-1915 жылдары Ташкент шаарындагы Түркстан өлкөсу генерал-губернаторунун кеңсесине караштуу басмаканасында басылып чыккан.[4]
Рахмонберди Мадазимовтун эки уулу өзүнүн атасынын ишин татыктуу улантышты искусство жана маданиятке кызмат кылышты, Ош драма театрын сахнасында көп жыл иштешти. Уринбой жана Журахон Рахмоновтор Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрын негиздөөчүлөрунөн бири болушкон жана Кыргызстандын искусство жана маданиятын өнүгүшүнө чоң салым кошушкон, көп жаш актёрлорго тарбия беришти. Алардын чоң салымы жана эмгеги Кыргыз ССРинин жетекчилиги тарабынан жогору бааланган жана алар ордендер, көп сандаган медалдар, ардак грамоталар менен сыйланышты.[5]
Театрдагы чыгармачылыгы
Год | Название | Оригинальное название өзб. {{{1}}} | Автор |
---|---|---|---|
1919 | Отцеубийца | Падаркуш | М. Бехбудий |
1919 | Лекарь из Туркестана | Туркистонлик табиб | Маннон Уйгур |
1920 | Отравленная жизнь | Заҳарли ҳаёт | Хамза |
1921 | Сирота | Етим | Гулом Зафарий |
1922 | Наказание клеветников | Туҳматчилар жазоси | Хамза |
1923 | Лолахон | Лолахон | Комил Яшин |
1924 | Рапорт с юга | Жанубдан рапорт | Махмуд Рахмон |
1925 | Гулсара | Гулсара | К.Яшин и М.Музаффаров |
1926 | Два коммуниста | Икки коммунист | К.Яшин |
1927 | Друзья | Ўртоқлар | К.Яшин |
1928 | Внутри | Ичкарида | К.Яшин |
1929 | Халима | Ҳалима | Гулом Зафарий |
1929 | Ажи-ажи | Ажи-ажи | К.Яшин |
1930 | Истории на хлопковом поле | Пахта шумғиялари | Умаржон Исмоилов |
1931 | Женитьба | Уйланиш | Н.В. Гоголь |
1932 | Переводчик | Тилмоч | Маннон Уйгур |
- 1919 жыл - М.Бехбудий «Падаркуш», Маннон Уйгур "Түркстандык табып".
- 1920 жыл - Хамза «Уулануулган өмүр».
- 1921 жыл - Гулом Зафарий «Жетим».
- 1922 жыл - Хамза «Ушакчылардын жазасы».
- 1923 жыл - Комил Яшин «Лолахон».
- 1924 жыл - Махмуд Рахмон «Түштүктөн рапорт».
- 1925 жыл - К.Яшин жана М.Музаффаров «Гулсара».
- 1926 жыл - К.Яшин «Эки коммунист».
- 1927 жыл - К.Яшин «Достор».
- 1928 жыл - К.Яшин «Ичиндеги».
- 1929 жыл - Гулом Зафарий «Халима», К.Яшин «Ажи-ажи».
- 1930 жыл - Умаржон Исмоилов «Пахта талаасындеги тарыхтар».
- 1931 жыл - Н.В. Гоголь «Үйлөнүү».
- 1932 жыл - Маннон Уйгур «Котормочу».
Мындан тышкары, ал көп сандагы концерттик программаларда катышкан.
Жеке жашоосу
- Атасы - Ибни Мухаммадаъзим аълам (1876 жылы каза болгон), диний ишмер.
- Энеси - Биби Солиха (1850-1922) Уратепа шаарында төрөлгөн.
- Жубайы - Бибихон (1884-1922) Уратепа шаарында төрөлгөн.
- Балдары - Назокатхон (1902-1934), Хожинисо (1907-1932), Уринбой (1910-1980), Назирхон (1912-1917), Журахон (1917-1977).
- Экинчи аялы Шарофатхон (Өзгөн шаарынын тургуну) Мухтар Султановдун энеси болгон.
- Небереси: Азизулло Иззатуллаев
- Туугандары: Хужаназар Хувайдо, Хабиб Абдуллаев
- Жээндери: Анвар Косимов, ырчы Мухаммадкарим Соипов.
- Кудалары тарабынан туугандары: Султан жана Кудрат Таирбаевдер[6][7], Балтакожо Султанов, Иззат Султан, Мухтар Султанов, Мамадали Курбанов, Махмуд Косимов, Алишер Отабоев, Кодир Рахматович Парпиев, Зироатхон (Ойхон) Хошимова, Эркин Комилов, Мурод Зайнобиддинович Салохиддинов - "Узвторцветмет" ААК мурдагы төрагасы, Ахмаджон Давидов - Ош шаарынын аткаруу комитетинин төрагасы.
Жазган китептери
- "Оштун мүнөздөмөсу" (өзб. «Ўшнинг тавсифи», (орус. "Характеристика Оша"), Түркстан өлкөсу генерал-губернаторунун кеңсесине караштуу басмаканасы, Ташкент шаары, 1914 жыл.
- "Аттардын сөздүгу" (өзб. «Исмлар имлоси», (орус. "Словарь имён"), Түркстан өлкөсу генерал-губернаторунун кеңсесине караштуу басмаканасы, Ташкент шаары, 1915 жыл[8].
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том, 763 бет. Башкы редактору Асанов Ү.А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7 (кирг.)
- Энциклопедия Ошской области, Раздел "Театральная жизнь" / гл. ред. Орузбаева Б.О. Академия Наук Киргизской ССР. — Фрунзе (Бишкек): Глав. ред. Киргизской сов. энциклопедии, 1987. — С. 110. — 445 с. ББК 92я2 (рус.)
- Национальная энциклопедия Узбекистана / Государственное научное издательство "Ўзбекистон миллий энциклопедияси" Академии наук Республики Узбекистан. — Ташкент: Государственное научное издательство "Ўзбекистон миллий энциклопедияси", 2000-2006. — С. 219, буква (буква Ў, стр.219). (узб.)[9].
- А. Абдугафуров "Ошский узбекский музыкальный театр", Фрунзе шаары: Кыргызстан, 1980 жыл. - 59 с. 21 см, ББК 85.4. (узб.), (рус.) и (кирг.)[10].
- А. Абдугафуров «Видные сыновья Оша», Ош шаары: Ошская областная типография, 2000 жыл — 176 с. (узб.) и (рус.)
- А. Абдугафуров «Ошский академический театр», Ош шаары, "Азия Принт", 2010 жыл, — 52 с. (узб.)
- "Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн" энциклопедиясы ("Во имя процветания Кыргызстана" Энциклопедическое издание о выдающихся узбеках Кыргызстана) Под рук. Жураева Б.Ж. (Абдугафуров А., Рахманов Д.Д. и др.), Ош, "Ризван", 2017, страницы 27-32, 287-309, страниц 336| ISBN= 978-9967-18-344-5 УДК 351/354. ББК 66,3(2Ки).
Тиркемелер
- ↑ Ош старейший театр республики отметил своё 95-летие
- ↑ Они стояли у истоков
- ↑ Центразия Персоны
- ↑ Порталус Биографии знаменитостей
- ↑ Актёрская династия
- ↑ Памирские письма капитана Зайцова
- ↑ Тоирбоев Султон мингбоши
- ↑ "Аттардын сөздүгу" китебинен узүндүсу өзбек тилинде
- ↑ [1]
- ↑ Ошский узбекский музыкальный театр
Шилтемелер
- Они стояли у истоков
- Актёрская династия
- Центразия Персоны
- Гримасы и капризы Обезьяны
- Люди, которые меняли мир
- Люди, которые меняли мир
- Люди, которые меняли мир
- Рахмонберди Мадазимов
- 27 марта — Всемирный день театра
- К 100 летию старейшего театра Кыргызстана
- Старейшему театру Кыргызстана — 100 лет
- Марказий Осиёдаги энг кекса профессионал театр 100 ёшга тўлди
- «Жайдари келин» чегара оша томоша кўрсатди
- Центразия История
- В Оше поставили «Душевные смятения Бабура» с помощью Узбекистана
- Спектакль «Барсбек» будет представлять Кыргызстан на международном фестивале в Турции
- «Барсбек» покажут на международном фестивале
- Из истории старейшего театра страны
- Биографии знаменитостей
- Отрывок из книги «Исмлар имлоси» (на узбекском языке)
- Книга Р. Мадазимов а «Ўшнинг тавсифи» (Характеристика Оша)
- Ўзбекистон Миллий Энциклопедияси
- Реферат
- Бессмертный полк
- Ўзбек адабиёти Раҳмонберди Мадазимов
- Биографии известных людей
- Документальный фильм студия «Кыргызтелефильм» «Ошский государственный узбекский музыкально-драматический театр имени Бабура»
- Рахмонберди Мадазимов
- Сыновья муллы и писаря стояли у истоков первого театра в Оше
- Сыновья муллы и писаря создали первый театр в стране
- Сыновья муллы и писаря создали первый театр в Оше
- Rahmonberdi Madazimov
- Биографии известных людей
- История театра
- Театр имени Бабура
- Кылым карыткан Бабур театры
- Рахмонберди Мадазимов ҳақида /"Мозийга қараб иш кўрмоқлик хайрлидир!" 1- қисм
- Мадазимов Рахмонберди Мадазимович
- Ўзбек Миллий академик драма театри Қирғизистон Республикасига ташриф буюради
- Известные узбеки из Кыргызстана
- "Мозийға қараб иш кўрмоғлиқ хайрлидир"
- Markaziy Osiyodagi eng keksa professional teatr 100 yoshga to‘ldi
- Арип боюнча инсандар
- Туулгандар 1875-жылы
- Өлгөндөр 1933-жылы
- Уикипедия:Портрети жок кинематографдар макалалары
- Инсандар
- Кыргызстан
- Ош облусу
- Ош шаары
- Актерлор
- Кыргыз обончулары
- Чөлкөм таануу
- Кыргыз тарыхы
- Көркөм өнөр
- Музыка
- Кыргыз таануу
- Искусство
- Маданият
- Кыргыз маданияты
- Кыргыз жазуучулары
- Кыргыз Республикасынын жазуучулары
- Кыргыз театры
- Ош шаарынын Бабур театры
- Мамлекеттик ишмерлер
- Маданият ишмерлер
- Кыргызстанда театралдык кыймылдын негиздөөчүлөрү
- Кыргызстанда театралдык кыймылдын уюштуруучулөру
- Басмачылык менен күрөшкөндөр
- Кыргызстанда Совет бийлигин орноткондор
- Жарандык согуштун катышуучусу