Мазмунга өтүү

Мозамбик: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
83-сап: 83-сап:
==География==
==География==
[[Файл:Mozambique sat.png|thumb|upright|Satellite image]]
[[Файл:Mozambique sat.png|thumb|upright|Satellite image]]
Мозамбиктин аянты 801,537 км<sup>2</sup> түзүп, аянты жагынан дүйнөдөгү 35 орундагы мамлекет болуп саналат. Мозамбик Африканын түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан жана түштүгүнөн [[Эсватини]], түштүк-батышынан [[Түштүк-Африка Республикасы|Түштүк Африка Республикас]]ы, батышынан [[Зимбабве]], түндүк-батышынан [[Замбия]] жана [[Малави]], түндүгүнөн [[Танзания]] мамлекеттери менен чектешип жана чыгышынан Инди океанынын суулары менен чулганып жатат. Мозамбик 10° түш. кеңдик менен 27° түш. кеңдиктеринин жана 30° чыгыш узундугу жана 41° чыгыш узундуктарынын ортосунда жайгашкан.
Түшүштүк-чыгыш Африкада, Мозамбик кысыгынын жээгинде, Танзания менен Түштүк Африканын ортосунда жайгашкан. Түндүгүнөн Мозамбик (бийикт. 2419 ''м''), батышын Матабеле платосу (1500–1600 ''м''), чыгышын Мозамбик өрөөнү (туурасы 80–400 ''км'') ээлеп жатат. Мозамбиктин аймагынын көпчүлүк бөлүгү Инди океанынын жээк тилкеси аркылуу (3000 ''км''дей) созулуп жатат. Ал түндүгүндө бир нече бухта (Аскалуу жээк) менен бөлүнгөн. Түштүктү көздөй жээктердин бийиктиги төмөндөп, саздуу келет да, табигый гавандарды (Бейра, Мапуту, Накала, Пемба) түзөт. Эң бийик жери – Бинга тоосу (2436 ''м''). Климаты түндүгүндө субэкватордук муссондук, түштүгүндө тропиктик пассаттык. Январдын орточо температурасы 26–30°С, июлдуку 15–20°С. Жылдык жаан-чачыны 750–1500 ''мм''. Ири дарыялары: [[Замбези дарыясы|Замбези]], [[Лимпопо]], Сави ж. б.; көлү – Ньяса (Малави). Нымдуу саванна, дайыма жашыл жана сейрек учуроочу токой өсөт. Жаныбарлары: африка пили, антилопа, зебра, керик, арстан, чөө ж. б. Кен байлыктары: көмүр, уран, темир, асбест, слюда, алтын ж. б. бир нече резерваттар бар.
<gallery mode="packed" caption="Мозамбиктин географиясы">
<gallery mode="packed" caption="Мозамбиктин географиясы">
Файл:Ghost mountain mkuze sunset.jpg|Лебомбо тоосу
Файл:Ghost mountain mkuze sunset.jpg|Лебомбо тоосу
92-сап: 92-сап:
</gallery>
</gallery>


=== Климат ===

=== Флора жана фауна ===
Мозамбикте 740 ашуун куштардын түрлөрү бар, анын ичинде 20 түрү жоголуп кетүү коркунучу алдында турган түрлөр. Ошондой эле Мозамбикте эндемик болуп саналган 200дөн ашуун сүт эмүүчүлөрдүн түрлөрү байырлашат, алардын ичинен жоголуп кетүү коркунучу алдында Селус зебрасы, Винсенттин бадал тыйынчычканы жана башка 13 түрлөр бар.

Корголгон аймактарга он үч токой коругу, жети улуттук паркы, алты жаратылыш коругу, үч коргоого алынган аймагы жана үч жапайы жаратылыш коругу кирет. Өлкөдө 2019-жылдагы токой ландшафтынын бүтүндүгү индексинин орточо баллы 6.93/10 болуп, 172 өлкөнүн ичинен 62-орунду ээлеген<ref>[https://www.ncbi.nlm.nih.gov/pmc/articles/PMC7723057/ Anthropogenic modification of forests means only 40% of remaining forests have high ecosystem integrity – Supplementary Material]</ref>.


== Административдик-аймактык түзүлүшү ==
== Административдик-аймактык түзүлүшү ==

16 сентябрь 2024, саат 14:53 учурдагы нуска

Мозамбик Республикасы
порт. República de Moçambique

Герб
Туу Герб
Гимн: «Pátria Amada (Сүйүктүү Мекеним)»
Эгемендүүлүк күнү 25-июнь 1975-жыл

Португалиядан)

Расмий тили португал тили
Борбор шаары Мапуту
Ири шаарлар Мапуту, Матола, Нампула, Бейра
Президент
Премьер-министр
Филипе Ньюси
Адриану Малеяни
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
35-орун - дүйнөдө
801,590 км²
2,2
Калкы
• Бааланган (2023)
Жыштыгы

34,173,805 адам (45-орун)
28,7 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы (2023)
  • Ар бир жанга

5.710 млрд $ (121-орун)
1.584 $ (187-орун)
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

21,936 млрд $ (128-орун)
647 $
АДӨИ  0,461 (төмөн) (183-орун)
Акча бирдиги Метикал
Домени .mz
ISO коду MZ
ЭОК коду MOZ
Телефон коду +258
Убакыт аралыгы UTC +02:00

Мозамбик (порт. Moçambique), расмий аталышы —Мозамбик Республикасы (порт. República de MoçambiqueАфриканын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Түндүгүнөн Танзания, түштүк-батышынан ТАР жана Свазиленд, батышынан Малави, Замбия жана Зимбабве менен чектешет, чыгышын Инди океанынын суулары чулгап турат.

Борбору жана ири шаары — Мапуту. Расмий мамлекеттик тили болуп португал тили саналат. Акча бирдиги — метикал.

Улуттар Шериктештигинин, Португал тилдүү мамлекеттер Шериктештигинин жана Африка, Кариб деңизи жана Тынч океан мамлекеттеринин мүчө мамлекети.

Этимология

«Мозамбик» топоними өлкөнүн азыркы аймагынын түндүк-чыгыш жээгиндеги аралды башкарган жергиликтүү султан Муса бен Бик атынан келип чыккан. 1498-жылы португалиялыктар аралга биринчилерден болуп келгенде, аралды султандын атынан аташкан. Кийин бул аталыш аралга, андан кийин ал бүткүл өлкөгө берилген[1].

Тарых

Бантулардын миграциясы

Банту тилинде сүйлөгөн элдер Мозамбикке б. з. ч. IV кылымда көчүп келип отурукташа баштаган[2]. Бул калк б.з. I-IV кылымдарынын ортосунда батыштан жана түндүктөн миграция толкундары Замбези дарыясынын өрөөнүнөн, андан кийин Түштүк Африканын тоолу аймактары жана жээктеги аймактары аркылууу өткөн деп эсептелет[3]. Көчмөндор мал чарбачылыгынын негизинде айыл чарба жамааттарын жана коомдорду түзүшкөн. Алар бул аймактарга темир эритүү жана темир куюу технологиясын алып келишкен[4].

Мозамбик аймагында байыртан эле койсан тилинде сүйлөгөн адамдар (бушмендер менен готтентоттор) жашаган. Биздин замандын 300-жылы аларды түндүктөн келген банту тилинде сүйлөгөн уруулар сүрүп чыккан. Биздин заманга чейинки1-миң жылдыктын аягында – 2-миң жылдыктын башында алгачкы таптык түзүлүш (эң ириси Мономотапа мамлекети) пайда болгон. 8-кылымда Мозамбикке арабдар келип, бир нече шаар-мамлекеттерди негиздешкен. 11-кылымда Мозамбикке жана Зимбабвеге шона элинин экспанциясы башталган. 16-кылымда Мозамбикке португалдар келип, мусулман шаар-мамлекеттерин бузуп, өз фортторун (Софала ж. б.) курган. Алар алтын издеп, ички аймактарга өтүп, плазо аталган ээликтерди түзүшкөн. Европалыктардын келиши менен жергиликтүү калк (бантулар) жер которуп кетишкен. 1820–40-жылдарда Мозамбиктин түштүгүн нгон уруулары басып алган. 1895-жылы португалдар нгондордун Газа мамлекетин талкалап, 20-кылымдын башына чейин Мозамбикти толук караткан. Биринчи дүйнөлүк согуштан (1914–18) кийин Мозамбикке Рувума д-нын түштүгүндөгү жерлер кошулган. Португалия соода боюнча Индия, Түштүк-Чыгыш Азия жана Бразилия колониясы менен өнөктөшүүгө көңүл бурган. Эл аралык майданда улуттук-боштондук кыймылдардын таасиринин өсүшүнөн улам, 1964-жылы Мозамбикти боштондукка чыгаруу фронтунун (МБЧФ, 1962-жылы түзүлгөн) жетекчилиги менен португал колониячыларына каршы куралдуу көтөрүлүш башталып, 1973-жылдын башында МБЧФ өлкөнүн 1/4 бөлүгүн өз көзөмөлүнө алган. Португалиядагы куралдуу төңкөрүштөн кийин (1974-жылы апрель), Мозамбик боштондук алып, 1975-жылы 25-июнда көз карандысыз Мозамбик Эл Республикасы деп жарыяланган. 1980-жылы Мозамбикке каршы Түштүк Родезиянын кийин ТАРдын жарыясыз баштаган согушунан өлкө бүлгүнгө учурап, баш аламандык күчөгөн. 1987-жылы калктын 1 млндон ашыгы оокаттын айынан үй-жайын таштап кетсе, 250 миң адам тамак-аш жетишсиздигинен чет элдик өлкөлөрдүн жардамы менен күн көрүп калган. 1994-жылы Мозамбиктин тарыхында алгачкы жолу демократиялык парламенттик шайлоолор өткөрүлүп, Фрелимо партиясы жеңген (лидери Жакиму Чиссано 1994-жылдан президент). 1994–98-жылдары Фрелимо өкмөтү рынок реформасын ишке ашырууга багыт алган, мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү башталган.

География

Satellite image

Мозамбиктин аянты 801,537 км2 түзүп, аянты жагынан дүйнөдөгү 35 орундагы мамлекет болуп саналат. Мозамбик Африканын түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан жана түштүгүнөн Эсватини, түштүк-батышынан Түштүк Африка Республикасы, батышынан Зимбабве, түндүк-батышынан Замбия жана Малави, түндүгүнөн Танзания мамлекеттери менен чектешип жана чыгышынан Инди океанынын суулары менен чулганып жатат. Мозамбик 10° түш. кеңдик менен 27° түш. кеңдиктеринин жана 30° чыгыш узундугу жана 41° чыгыш узундуктарынын ортосунда жайгашкан.

Климат

Флора жана фауна

Мозамбикте 740 ашуун куштардын түрлөрү бар, анын ичинде 20 түрү жоголуп кетүү коркунучу алдында турган түрлөр. Ошондой эле Мозамбикте эндемик болуп саналган 200дөн ашуун сүт эмүүчүлөрдүн түрлөрү байырлашат, алардын ичинен жоголуп кетүү коркунучу алдында Селус зебрасы, Винсенттин бадал тыйынчычканы жана башка 13 түрлөр бар.

Корголгон аймактарга он үч токой коругу, жети улуттук паркы, алты жаратылыш коругу, үч коргоого алынган аймагы жана үч жапайы жаратылыш коругу кирет. Өлкөдө 2019-жылдагы токой ландшафтынын бүтүндүгү индексинин орточо баллы 6.93/10 болуп, 172 өлкөнүн ичинен 62-орунду ээлеген[5].

Административдик-аймактык түзүлүшү

Мозамбиктин провинцияларынын картасы

Мозамбик 11 провинциядан турат. Провинциялары 128 районго бөлүнөт.

Картадагы № Провинциянын аталышы Административдик борбору Аянты, км² Калкы, адам (2017) Калкынын жыштыгы,

адам/км²

1 Кабу-Делгаду Пемба 82 625 2 320 261 28,08
2 Газа Шаи-Шаи 75 709 1 422 460 18,79
3 Иньямбане Иньямбане 68 615 1 488 676 21,7
4 Маника Шимойо 61 661 1 945 994 31,56
5 Мапуту Мапуту 602 1 088 449 1 808,05
6 Мапуту (провинция) Матола 25 756 1 968 906 76,44
7 Нампула Нампула 81 606 5 758 920 70,57
8 Ньяса Лишинга 129 056 1 810 794 14,03
9 Софала Бейра 68 018 2 259 248 33,22
10 Тете Тете 100 724 2 648 941 26,3
11 Замбезия Келимане 105 008 5 110 787 48,67
Жалпы 799 380 27 823 436 34,81

Саясий түзүлүшү

Вашингтондогу — Мозамбик президенти.

Мозамбикреспублика. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент. Мозамбикте көп партиялуу саясий система орун алган. Башкаруучу саясий партиялары: Фрелимо партиясы, Мозамбик улуттук каршылык көрсөтүү партиясы ж. б. (интернеттен такталат).

Калкы

Калкы[6][7]
Жыл Саны (миң)
1950 5,959
1960 7,185
1970 9,023
1980 11,630
1990 12,987
2000 17,712
2010 23,532
2020 31,255
2023 32,514

Калкынын көпчүлүгүн банту тилдеринде сүйлөгөн элдер (макуа, тсонга, малави, маконде ж. б.; 99,6%) түзөт. Ошондой эле европалыктар, индиялыктар жана метистер да бар. Расмий тили – португал тили. Калкынын 80% жергиликтүү динди, калгандары христиан жана мусулман динин тутат. Орточо жыштыгы 1 км2ге 24 киши (2004). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 65 жаш, аялдарыныкы –72. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 адамга 44,6), өлүм-житим 1000ге 15,94 (жаш балдардын өлүмү өтө жогору, 1000ге 126). Шаар калкы 37% (2008). Ири шаарлары: Мапуту, Бейра, Нампула.

Экономикасы

Мозамбик – дүйнөдөгү жакыр мамлекеттердин бири. Мозамбиктин экономикасы чет элдик финансынын жардамы менен өнүгүүдө. ИДПнин көлөмү 20,17 млрд долларды (2009, АКШ) түзгөн. Аны киши башына бөлүштүргөндө 900 доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 45,4%, өнөр жайдыкы 30,6%, айыл чарбаныкы 24. Боксит, таш көмүр, хром, титан ж. б. казылып алынат. 2007-ж 15,9 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 90%тин «Кабора-Басса» ГЭСи өндүргөн. Алюминий (жылына 500 миң тонна), титан концентраттары, нефть продуктулары өндүрүлөт. Айыл чарба сырьёсун кайра иштетүүчү, металлургия, цемент, текстиль, бут кийим, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Экспорттук айыл чарба продуктулары: пахта, кешью жаңгагы, бал камыш, цитрус жана кокос пальмасы, чай, сизаль ж. б. Негизги азыктары – кассава; жүгөрү, күрүч, картөшкө, жашылча-жемиш жана тропик жемиштери. Эчки, кой, бодо мал, чочко асыралып, үй куштары багылат. Ошондой эле балык уулоо жана деңиз продуктуларын даярдоо менен алектенет. Автомобиль жолунун узундугу 34,3 миң км (2008; анын ичинде асфальтталганы 6), темир жолунуку 4,8. Замбези дарыясында кеме жүрөт. Ири порттору: Мапуту, Бейра, Накала. Сыртка алюминий, электр энергиясын, айыл чарба продуктуларын, кант, креветка, жыгач, металл чыгарат. Негизги соода шериктештери: Европа союзуна кирген өлкөлөр, ТАР, Кытай, Зимбабве.

Маданияты

Социалдык тармагы

Колдонулган адабияттар

Булактар

Тышкы шилтемелер