Мазмунга өтүү

Этиш

Википедия дан
18:09, 9 июнь 2021 карата 46.251.195.94 (талкуу) тарабынан жасалган версия
Испан тилиндеги бир сөздөн турган этиш убакыт (өткөн, азыркы, келечек), адам жана сан жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Ушул маалыматты билдирүү үчүн этишти грамматикалык жактан өзгөртүү процесси конъюгация деп аталат.

Этиш — Заттын кыймыл-аракетин, ал-абалын билдирүүчү сөз түркүмү этиш деп аталат. Этиштер эмне кылды ? эмне кылып жатат? эмне болуп жатат ? кантет ? деген сыяктуу суроолорго жооп берет. Мисалга: Коккозов топ тепти, Абдурахман гүлдөргө суу куюп жатат, булактан суу агып жатат, Айылга жакында барам.

Жөнөкөй жана татаал этиштер

Этиштер түзүлүшүнө жараша татаал жана жөнөкөй болуп бөлүнөт.

Жөнөкөй этиштер – бир сөздөн куралган этиштер. Мисалы: бар, кел, ойно, жаз, тур, оку, кет, кел, жат.

Татаал этиштер – эки же андан ашык сөздөрдөн куралган этиштер. Мисалы: бара кет, ойноп жүр, жазып кет, жыгылып кете жаздадым, ойноп отура бердим.

Негизги жана көмөкчү этиштер

Татаал этиштеги негизги кыймыл-аракетти билдирген этиштер негизги этиштер, ал эми кошумча аракетти билдирген этиштер көмөкчү этиштер деп аталат.

Мисалы: Иштеп жатат (иштеп- негизги, жатат- көмөкчү этиш ), окуп келди (окуп- негизги, келди- көмөкчү этиш ).