Кавказ коругу
Көрүнүш
Кавказ коругу — X. Г. Шапошников атындагы Чоң Кавказдын Башкы же Суу бөлгүч кырка тоосунун капталдарында (3350 м бийикке чейин) жайгашкан мамлекеттик биосфералык табигый корук. Краснодар крайынын, Адыгэ жана Карачай-Черкесиянын аймагында. Аянты 2,8 миң км2. 1979-ж. ЮНЕСКОнун биосфералык резерваттарынын дүйнөлүк тармагына киргизилген. Кавказдын бийик тоолуу табигый комплексин коргоо максатында 1924-ж. уюшулган. Аймагынын 65% аянтын токой ээлейт. Тур, зоо бөкөнү, бугу мекендейт; зубр байырлатылууда. Тисс-самшит реликт токою (Хостанын тегерегиндеги, аянты 300 га) өсөт. Жаныбарларынын айрымдары РФтин Кызыл китебине катталган. Кавказ коругу 1999-ж. «Батыш Кавказ» деген ат менен Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5