Сөөк системасы
Сөөк системасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кишинин скелети (байыркы грек тилинен σκελετος — «кургатылган») 200дөн ашуун түрдүү формадагы сөөктөрдөн түзүлөт. Организмдеги жайланышы боюнча алар баштын, тулку бойдун, ийин жана бел курчоонун, кол жана буттун скелетине бөлүнөт. Скелеттин составына сөөктөрдөн башка кемирчектер да кирет. Кемирчектер түйүлдүктүн жана жаш балдардын денесинде көп болот. Киши улгайган сайын денедеги кемирчектер акырындап сөөккө айланат. Баштын скелети жуп жана түгөйсүз 29 сөөктөн турат (Баш сөөк).
Баштын скелети
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мээ жана бет бөлүктөрдөн турат. Бири бири менен бекем жана кыймылсыз кошулган маңдай эки төбө, эки чыкый жана каракуш сөөктөр баш сөөгүнөн мээ бөлүгүн түзүшөт. Булар мээге эң ишенимдүү коргоо болушат. Чыкый сөөгүндө угуу тешиги, ал эми каракуштун төмөнкү бетинде чоң желке тешиги бар. Ал тешик аркылуу баш сөөктүн көңдөйү омуртка каналы менен кошулат. Бул эки тешиктен башка баш сөөктүн түп жагында көптөгөн майда кан тамырлар жана нервдер өтө турган тешиктер орун алган. Баш сөөктүн бет бөлүгүндө 14 сөөк бар. Булардын эң ириси кыймылсыз бекиген жуптуу үстүңкү жана кыймылдуу жупсуз астыңк жаак сөөктөрү. Бул жаак сөөктөрүндө тиштин тамырлары жайланышуучу оюкчалар бар. Үстүңкү жаактардын жогору бет сөөктөр жайгашышат. Булардын башка мурун, жаш сөөктөрү, каңылжаарлар жана башка бет бөлүгүн түзөт. Баш скелети омуртка тутумуна бекийт.
Тулку бой
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тулку бойдун скелети омуртка түркүгү жана көөдөндөн турат. Омуртка түркүгү биринин үстүнө бири катары менен жайланышкан 33—34 омурткадан турат. Алардын арасында солкулдак кемирчек ткандан турган аралык кепилдер бар. Ошонун таасири менен омуртка түркүгү алдыга, артка жана оңго, солго ийилет.
Омуртка тутумунан жана көөдөндөн турат. Омуртка тутумундагы кыска сөөктөрдүн, омурткалардын саны 33-34. Ар бир омуртканын тулкусу, догосу жана урчуктары бар. Омурткалардын тулкусу биринин үстүнө бири жайгашып, кемирчек тканы омуртка тутумунун ийилгичтигин камсыз кылат. Омуртка тутумунун ичиндеги омуртка каналында жүлүн жайгашкан. Адамдын омуртка тутуму беш бөлүккө бөлүнөт. Моюн бөлүгү 7, арка 12, бел 5 куймулчак бири бирине ширелишкен 5 жана чычаң бөлүгү 4-5 омурткаларды өзүнө камтыйт. Омуртка тутуму 4 жеринен: моюн, арка,бел жана куймулчакта ийилген. Бул ийилген жерлери басканда, жүгүргөндө жана секиргенде керек бири бири ийилгичтикти камсыз кылат, мээни чайкалуудан сактайт.
Омуртка түркүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Омуртка түркүгү 7 моюн, 12 арка, 5 бел, 5 куймулчак, 4—5 чычаң омурткасынан турат. Ар бир омуртканын тулкусу, догосу жана бир канча урчуктары бар. Омуртканын тулкусу менен догосунун ортосунда омуртка тешиги жайгашкан.
Булар чогулуп омуртка каналын түзөт. Каналдын ичинде узунунан созулуп кишинин жүлүн мээси жатат (Омуртка тутуму).
Көөдөн
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Көөдөн көп сөөктөн туруп, арт жагы 12 арка омурткасынан, капталы 12 кабыргадан, ал эми алды жагы болсо төш сөөгүнөн турат. Он эки кабырганын ар биринин арткы башы (учу) аркалар менен ашташат, ал эми жогорку 8 кабырганын алдыңкы учу төш менен түздөн-түз туташат. Төмөнкү төрт кабырга алдыңкы учтары кыска болгондуктан төш менен туташпастан карчыганын бүлкүлдөгүнүн арасында эркин жайгашат. Ушул аркалар, кабыргалар жана төш сөөгүнүн өз ара кошулушунан турган көңдөй көкүрөк көңдөйү деп аталат. Анын ичинде ар кандай уруу, согуу кырсыктарынан жашырылып, өпкө, жүрөк жана башкалар кан тамыр органдары жайгашат. Көөдөн: арка омурткалардан, он эки жуп кабыргадан жана төш сөөгүнөн турат. Кабырга дого сымал ийилген сөөк. Алардын арткы учу кыймылдуу омурткага бекилет алдыңкы учтары кемирчек аркылуу төшкө ашташат. Төмөнкү 2 жуп кабырганын учтары кыска болгондуктан төшкө жетпей бош калат. Боор эт көөдөн менен ич көңдөйүн бөлүп турат. Дем алганда көөдөн кеңейүүгө жанан дем чыгарганда куушуруулуга жөндөмдүү ичинде орун алган жүрөктү жана өпкөнү, боорду жана ашказанды көөдөн механикалык таасирлерден бек сактап турат
Ийин
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кишинин ийин курчоосу көөдөндүн арткы бетинде орношкон үч бурчтуу эки далыдан жана эки акырек сөөгүнөн турат. Ар бир далынын башындагы тегерек чуңкуру колдун биринчи жилиги күң жиликтин ийин башы менен ашташат Колдун жана ийин курчоосунун скелети. Ийин курчоосу аркылуу кол скелети дененин скелети менен байланышып турат. Ийин курчоосун 4 сөөк 2 далы, 2 акырек түзөт. Далы кабыргалардын үстүндө жайгашкан жалпак үч бурчтуу чоң сөөк “S” тамгасына окшош акыректер бир жагынан далы, ал эми экинчи жагынан төш сөөгү менен бириккен. Кол скелети каруу, билек жана чеңгил деген эркин кыймылдаган бөлүктөрдөн турат. Каруу бөлүгүн түзүүчү күң жиликтин шар сымал жогорку учу далынын тегерек чуңкурунан орун алган. Билек бөлүгүндө кар жилик жана укурук сөөк жайгашкан. Чеңгел кырк муун алакан жана манжалар деген үч бөлүктү камтыйт. Кырк муун майда сөөктөрдөн, ал эми алакан беш шакшак сөөгүнөн түзүлүп манжаларга таяныч болот.
(Ийин курчоосу, Кол).
Бут курчоосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бут курчоосун эки жамбаш сөөгү түзөт. Ал үч бөлүктөн (капшыт, отургуч жана чаткаяк сөөгүнөн) турат. Жамбаш сөөгү арт жагынан куймулчак менен, ал эми алды жагында бири-бири менен туташып жамбаш чарасын түзөт. Ар бир жамбаштын тегерек оюгу бар, бул кашка жиликтин ийик башы менен ашташат.
Жамбаш курчоосу бири бири менен кыймылсыз жана арт жагынан түзүлгөн. Ар бир жамбаш сөөгүндө шар сымал оюгу бар, ага кашка жиликтин тегерек башы кирет. Буттун скелети сандан, шыйрактан же бут кетменинен турат. Сан бөлүгүн кашка жилик, шыйракты – чоң жото жилик жана кичине балдак сөөгү түзөт. Кашка жилик жото жилик менен кошулган жерде тизе томугу орун алган. Бут кетмени кызыл ашыктын кыска сөөктөрүнөр алардын ичинде эң чоңу согончок, беш узун таман сөөгүнөн жана манжалардан турат. (Жамбаш чарасы, Бут).
Сөөктөрдүн түзүлүшү, касиети жана биригиши
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сөөк тканы – тутумдаштыргыч ткандын бир түрү. Сөөктөрдүн көпчүлүгүнүн сырт жагы тыгыз, катуу ал эми ич жагы жумшак кемик тканынан түзүлгөн. Сөөктөр сыртынан тыгыз сөөккө бекем жабышкан. Сөөк чели менен капталган. Ал челдин негизги милдети сөөктөрдү азыктандыруу жана жооноюп өсүшүнө көмөк көргөзүү. Сөөктүн сыртында көптөгөн майда тешикчелер бар. Алар аркылуу сөөктүн ткандарына жана сөөктүн чучугуна кан тамырлар жана нервдер келип, сөөк ткандарын азыктандырып жана дем алдырып турат. Клетка аралык зат сөөк тканынын 2/3 бөлүгүн түзөт. Адамдын сөөгүнүн 50% ын суу, 12,5% ын оссеин жана оссеомукоид деген белоктуу органикалык заттар, 15% ын майлар жана магнийдин, натрийдин ж.б. минералдык кошулмалары көп болгондуктан, аны минералдык заттарды сактоочу жай дешет. Адамдын сөөгүн 21,8% минералдык заттар түзөт. Сөөктөр керек болсо канча минералдык заттарды жиберип же андан алып, мындайча айтканда алар организмди жөнгө салып турат. Органикалык эмес заттар сөөктөргө катуулукту, ал эми органикалык заттар - солкулдактык жана ийилгичтик касиетти берип турат. Сөөктөрдүн формасы аткарган милдетине жараша болот. Көңдөйлүү сөөктөр – жеңил жана катуу, алардын көндөйлөрүндө тутумдаштыргыч ткань – сары чучук жатат. Жиликтердин баштарын жана жоон, көңдөйү жок жерлерин кемик ткань түзөт. Жалпак кемиктүү сөөктөргө далы, жамбаш, төш сөөгү, кабыргалар, омурткалар жана баш сөөгү кирет. Кемик тканда кызыл чучук болгон соң анын негизги милдети канды пайда кылуу өзгөчөлүгү бар. Сөөктөрдүн өз ара биригиши. Биригүүнүн үч түрү бар: кыймылсыз ашташуу, кыймылдуу жана чала кыймылдуу, байламталуу, биригишүү менен байланышат. Кыймылсыз сөөктөр анын ичинен ашташкан сөөктөр бири бирине өсүп ашташат.М: Баш сөөк, жана куймулчактагы омурткалар. Жиликтердин кыймылдуу байланышын муундар дешет. М: Жамбаш, тизе, чыканак. Муундар аркылуу байланышкан жиликтердин бирөөсүндө адатта чуңкуру – муун оюгу болот. Аны менен байланышкан экинчи сөөктүн оюгуна тоголок формада болгон башы муун оюгуна кирет. Оюк жана ага кирүүчү сөөктөр жылтыраган жылма катмар менен капталган. Бул катмар болсо жиликтин башы муунда кыймылдаган болсо анын оюгундагы жылмышуусуна жардам берет. Муун сыртынан муун кабыгы менен капталган. Муундун, өйкөлүүсүн азайта турган муун суюктугу бар. Кээ бир сөөктөр ийилгич касиетке ээ болгондуктан кемирчектер менен байланышкан. Мындай байланыштарды чала кыймылдоочу байланыш деп аташат. Сөөктөрдүн өсүшү. Сөөктөр узунунан жана туурасынан өсөт. Скелеттин өсүшү 25-27 жашка чыкканда аяктайт. Сөөктүн туурасынан өсүшү сөөк челинин ички бетинин клеткаларынын бөлүнүшүнө байланыштуу. Мында сөөктүн тышында клеткалардын жаңы катмары пайда болот да, ал клеткалардын айланасында клетка аралык зат түзүлөт. Сөөктүн узунунан өсүшү кээ бир ички секреция бездери, м: гипофиз жөнгө салып турат. Эгерде гипофиздин өсүү гормону жаш кезде жетишсиз өлчөмдө бөлүнүп чыкса, анда баланын бою өспөйт же абдан жай өсөт, ал эми тескерисинче көп секрецияланса, анда баланын бою абдан тез өсүп 2 метрден ашык болушу мүмкүн. Жаш баланыкындай эле чоң кишилердин сөөгүндө заттын алмашуусу тынымсыз, өмүр бою жүрүп турат, бирок ал процесс тез же жай жүрүшү мүмкүн. Эгерде киши дайыма кыймылда болсо, көп учурда кара жумуш менен иштесе, дене тарбия менен машыгууга көңүл бурса, скелеттин сөөктөрүндө зат алмашуу күчөйт, адамдын дене түзүлүшү көркөмдүү жана ден соолугу чың болот.
Сөөктөр тууралуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кишинин сөөгү өтө эле катуу, тик абалда турган жото жилиги 1500 кгга чейинки жүктү көтөрө алат. Сөөктөрдүн бекемдиги анын химиялык составына жараша болот. Сөөктөрдүн составында органикалык жана органикалык эмес заттар бар. Аны билүү үчүн сөөктү отко күйгүзсө анда анын органикалык заттары күйүп, органикалык эмес заттары калат. Ал заттар сөөктүн сырткы формасын сактап, ага бекемдикти берет. Ал эми сөөктү бир суткага 10%түү туз кислотасынын эритмесине салып койсо, анда анын составындагы органикалык эмес заттар акырындап эрип кетет да, сөөк ийилгич жана чоюлгуч болуп калат. Мындай сөөктү чүлүк катары ийүүгө, буроого да болот. Ошентип, органикалык заттар сөөккө ийилгичтикти жана чоюлгучтукту берет. Органикалык жана органикалык эмес заттардан турган сөөк тканы сөөккө бекемдикти берет. Жаш балдар, өспүрүмдөр жана жаш кишилердин сөөктөрүндө органикалык заттар өтө көп. Ошондуктан алардын сөөгү бекем жана ийилгич келип, аз сынат. Ал эми киши улгайган сайын алардын сөөгүнө борпоңдукту жана катуулукту берүүчү органикалык эмес заттар акырындап көбөйөт да, улгайган жана кары кишилердин сөөктөрү бат сынат.
Анатомиялык түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сөөктөрдүн бекемдиги алардын химиялык составына гана эмес, анын анатомиялык түзүлүшүнө жараша да болот. Сырткы формалары боюнча сөөктөр узун, кыска, жалпак жана көпшөк болуп бөлүнөт. Мисалы, каруу, билек, сан жана шыйрак жиликтери узун сөөктөр. Жиликтердин орто жери көңдөй келип, ичинде сары чучук бар. Жиликтердин эки учу анын башы деп аталат. Анда каршы-терши кайчылашкан сөөк эбелектери болуп, арасы кызыл чучукка (кемик майлары) толгон. Сөөк эбелектери сөөккө кайсы тараптан күч көп келсе, ошол жакка багытгалып, сөөктүн бекемдигин камсыз кылат. Кыска сөөктөргө кырк муун, кол, буттун манжалары жана кызыл ашыктын сөөктөрү; жалпак сөөктөргө кабыргалар, баштын төбө сөөктөрү жана жамбаш сөөктөрү кирет. Көпшөк сөөктөргө омурткалар, төш сөөгү жана томук кирет. Көпшөк сөөктөрдүн ичиндеги сөөк эбелектеринин арасы кызыл чучукка толгон. Сөөктөр сыртынан жука чел кабык менен капталган. Ал эки катмардан турат. Анын сырткы катмарында кан тамырлар жана нервдер өтө көп. Алар аркылуу сөөктөр азыктанат жана нервдешет. Ал эми ички катмарында сөөктөрдү өстүрүүчү ткандар жайгашкан. Алардын жардамы менен сөөктөр туурасынан өсөт.
Милдеттери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кишинин скелетин түзүүчү сөөктөр организмде ар түрдүү милдетти аткарат. Кишинин скелетинин негизги милдеттеринин бири — ал отурганда, турганда, басканда түркүк болот. Бул милдетти негизинен омуртка түркүгү аткарат. Ошондой эле скелет өзүнө бекиген булчуңдардын жыйрылып жана бошоңдошунун негизинде муундарды кыймылга келтирет. Сөөктөр бири-бири менен туташып, мээ кутусун, көкүрөк, ич көңдөйлөрүн жана жамбаш чарасын түзөт. Бул көңдөйдү түзгөн сөөктөр мээни, өпкө-жүрөктү, ичеги-карынды жана жыныс органдарын ар кандай урунуу, кагынуудан сактайт. Кишинин сөөктөрү организмдеги минералдык алмашуу процесстеринде да катышат. Анткени кишинин сөөктөрүндө кальций, фосфор жана темир туздарынын чоң запасы бар. Кишинин сөөктөрү кан денечелерин да пайда кылат. Анткени, сөөктөрдүн ичиндеги кызыл кемиктер кан денечелерин жаратуунун негизги булагы. Сөөктөрдүн составында микроэлементтер жана витаминдер да көп. Ошентип, кишинин сөөктөрү ага жөнөкөй гана түркүк болбостон, ар түрдүү милдеттерди аткаруучу маанилүү органдардын бири болуп эсептелет.
Сөөк калыптанышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сөөк системасынын калыптанышында туура тамактануу чоң роль ойнойт. Айрыкча балдардын өсүп жаткан организми сөөктүн өөрчүшү үчүн зарыл органикалык жана минералдык заттарды талап кылат. Витаминдердин жетишсиздиги сөөктү деформациялап, өсүүсүн кечеңдетет; кальций менен фосфор туздары жетишпесе сөөк тез сынып, кыйшаят. Ал туздар сүт жана сүт азыктарында көп болот. Кош бойлуу жана эмчек эмизген аялдар кальций тузун көбүрөөк талап кылат.
Скелетке доо кеткенде берилүүчү биринчи жардам
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адамдын сөөктөрүнө жана муундарына көп учурда доо кетиши мүмкүн. Ошого убагында жардам берүү зарыл. Муундун чоюлушуна жардам берүү. Олдоксон кыймылдардын жана катуу урунуунун натыйжасында сөөктөр өзүнүн муундагы ордунан чыгып кетет. Мындай учурда муун чоюлушу же ал жердеги көптөгөн кан тамырлар үзүлүшү мүмкүн. Чоюлган муундун тегереги ысып кызарып, шишийт, какшаткан оору пайда болот. Эгерде муун чоюлса, ал жерге муздак сууга салынган сүлгү, кар же муз басуу керек. Муздак нерсе ооруну басаңдатат, шишикти таратат, ички канталоонун көлөмүн азайтат. Муун байламталары чоюлганда жылбай тургандай кылып катуу таңуу да өтө зарыл. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин оорулуу адамды дарыгерге алып барып, туура диагноз коюу керек. Колдун мууну чыккан болсо, анда мунду такыр кыймылдатпай жоолук же бинт менен катуу таңып, моюнга асып коет. Бутка жука жыгач же узун картонду ж.б. нерселерди колдонуп, шакшак таңуу керек. Андан кийин аны дароо бейтапканага жеткирүү зарыл. Катуулугуна жана серпилгичтигине карабастан жыгылганда, катуу урунганда сөөктөр сынып кетиши мүмкүн. Сыныктын сырткы көрүнүшүнө жараша ачык же жабык экенин аныкташ керек. Эгерде сынган сөөктүн тегерегиндеги булчуң ткандары, кан тамырлар, неврдер үзүлүп жана тери жараланып, сынган жер көрүнүп турса, аны ачык сынык дешето. Мындай учурларда адегенде кандын акканын токтотуп, жараатты тазалап, таза бинт же материал менен таңып шакшак коюп, доо кеткен жерди кыймылдатпаш керек. Эгерде кабыргалар сынган болсо, жабыркаган адамга өпкөсүндөгү демди колдон келишинче чыгарып, андан кийин терең эмес үстүртөн дем алууга ыңгайлаштырып, көөдөндү бек таңышат. Омуртка тутуму сынган адамды түптүз катуу жерге көмкөрөсүнөн жаткырып, анан тез жардам чакыруу керек. Кырсыктаган адамды отурган абалда таңууга болбойт, анткени дененин салмагы омуртка тутумуна күч келтирет.
Оорулары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сөөк системасынын оорулары өтө көп жана ар түрдүү. Көбүнчө сөөктүн тубаса, дистрофиялык, сезгенүү жана шишик оорулары жолугат. Тубаса оорулардын себеби толук изилдене элек, бирок туугандар арасындагы никеге, кош бойлуу аялдын организмине зыяндуу факторлордун (кырсык, химиялык заттар, нервдик күч келүү, тамеки чегүү, алкоголь) таасирине байланыштуу болору белгилүү. Дистрофиялык оорусу сөөк тканынын түрдүү себептерден азыктануусунун бузулушунан, ошондой эле витамин жетишсиздигинен болот (мисалы, Д витамини жетишпесе итий пайда болот). Д витамини организмге тамак-аш менен келет, андан тышкары күн нурунун таасиринен териде да пайда болот. Омурткаларда жана муундарда кан айлануунун бузулушу остеохондроз жана артрозго алып келет. Кыймылдын аздыгынан остеохондроз акыркы жылдарда көп жолугат. С. с-нын кеңири таралган оорусуна омуртка тутумунун кыйшайышы кирет. Ал сабак окуп жатканда баланын келбетине көңүл бурбагандыктан, ошондой эле зат алмашуунун тубаса бузулушунун, айрым оорулардын (туберкулёздук спондилит, шишиктер жана башкалар) кесепетинен болот. Сөөк системасынын айрым оорулары скелетке күч келүүдөн (айрыкча балдар менен өспүрүмдөрдө) өөрчүйт.
Сезгенүү оорулары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сезгенүү ооруларынан остеомиелит жана сөөк менен муундун туберкулёзу көп жолугат. Сөөк тканынын сезгениши инфекциялык процесстин (чыйкан ич келте, баш келте, сүзөк, котон жара жана башкалар) кабылдоосу катары да өнүгөт. Сөөк системасынын жабыркашы (сынык, муундан чыгуу жана башкалар) көп кездешет. Кийинки мезгилде өндүрүшкө жана турмуш-тиричиликке техниканы көп пайдалануу таяныч-кыймыл аппаратын жабыркаткан оор кырсыктарды көбөйттү. Ошондуктан коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо өтө маанилүү.
Дарылоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дарылоодо дары-дармек, айыктыруу физкультурасы, массаж, физиотерапиялык процедуралар колдонулат. Кээде хирургиялык операция жасалат. Азыркы учурда травматолог, ортопед врачтар колдонгон аппараттар менен конструкциялар ийгиликтүү натыйжаларды берүүдө.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8