Бул чыгарма Кыргызстандын «Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө» мыйзамына ылайык автордук укук менен корголгон эмес.
6-статья. Автордук укук тарабынан корголуучу чыгармалар (автордук укуктун объектилери)
Автордук укук арналышына жана татыктуулугуна, ошондой эле аларды билдирүү ыкмаларына карабастан чыгармалчыл иштин натыйжасы болуп эсептелген илимий, адабият жана искусство чыгармаларына жайылтылат.
8-статья. Автордук укуктун объектилери болуп эсептелбеген чыгармалар жана ошол сыяктуу иштин натыйжалары
Төмөндөгүлөр:
расмий документтер (мыйзамдар, токтомдор, чечимдер жана башкалар), ошондой эле алардын расмий котормолору;
расмий символдор жана белгилер (желектер, гербдер, гимндер, ордендер, акча белгилери жана башкалар);
элдик чыгармачылыктын чыгармалары;
кадыресе басма сөз маалыматынын мүнөзүнө ээ болгон күндөлүк жаңылыктар жөнүндө маалыматтар же күндөлүк окуялар жөнүндө билдирүүлөр. [1]
Комментарий: мамлекеттер аралык жана эл аралык келишимдерге ылайык Кыргызстан, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын укук мураскору болуп саналат; ошондуктан бул лицензиялык калып Кыргыз ССРинин расмий символдору жана документтери үчүн да колдонулушу мүмкүн.
Эскертүү: Бул калып лицензиясын автордук укук менен корголушу мүмкүн болгон расмий символдордун жана документтердин үлгүлөрүнө колдонууга болбойт.