Австралиянын фаунасы
Австралиянын жана ага таандык аралдардын жаныбарлар дүйнөсүнүн кайталангыс өзгөчөлүгү өзгөчө Австралиялык зоогеографиялык аймакты белгилөөгө мүмкүндүк берет. Бул континентте жана ага таандык аралдарда жашаган сүт эмүүчүлөрдүн 379 түрү, канаттуулар — 974, сойлоп жүрүүчүлөр — 420, жана амфибиялардын 120 түрү белгилүү. Сүт эмүүчүлөрдүн 83%, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 89%, балыктардын жана курт-кумурскалардын 90% жана амфибиялардын (жерде-сууда жашоочулардын) 93% Австралия үчүн эндемикалык болуп саналат[1].
Австралиянын фаунасы өзүнө болжолдуу 200 000 жаныбарлардын түрлөрүн камтыйт, булардын арасында көпчүлүгү уникалдуу эндемикалык болуп саналат.
Сүт эмүүчүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Австралиянын фаунасы 379 сүт эмүүчүлөр түрүн, анын ичинде 159 баштыкчалуулар, 76 кол канаттуулар жана 69 кемирүүчүлөрдү камтыйт. Материк үчүн эндемикалуу деп саналган бир нече түркүм жана тукумдар бар:
- Баштыкчалуу момолой түркүмү (Notoryctemorphia, 1 тукум, 1 уруу жана 2 түр);
- Жырткыч баштыкчалуу түркүм (Dasyuromorphia);
- Жалгыз тешиктүүлөр түркүмү (Monotremata). Өрдөк тумшуктуулар жана эхидналар;
- Баштыкчалуу карышкырлар түркүмү (Thylacinidae). 1 түр — баштыкчалуу карышкыр же тилпцин (Thylacinus cynocephalus). Тасмания аралы;
- Баштыкчалуу кумурска жегичтер түркүмү (Myrmecobiidae) 1 түр Австралияда;
- Вомбат түркүмү (Vombatidae);
- Баштыкчалуу аюуулар түркүмү (Phascolarctidae). Коала, же баштыкчалуу аюу (Phascolarctos cinereus).
Австралиянын символу болуп калган баштыкчалуу кенгуру жаныбары.
Канаттуулар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Австралияда канаттуулардын 800дөн ашык түрү жашайт, алардын 350 бул географиялык аймактын эндемиктери (Эму, Лиракуйруктар), анын ичинде Жаңы Гвинея, Жаңы Каледония (Кагу) жана Жаңы Зеландия (Киви).
Сойлоочулар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Австралиянын фаунасында сойлоочулардын 950дөн ашык түрү бар[2].
Жерде-сууда жашоочулар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Австралияда куйругу жана буту жок амфибиялар берилген эмес. Австралия түрлөрү үчүн куйруктуу амфибиялардын 216 жана 1 интродуцияланган (интродуция — адам тарабынан атайын же кокус көчүрүлгөн кайсы бир жаныбардын түрү) (Bufo marinus) тукум бар[2].
Балыктар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Австралиянын жана айланасындагы сууларда балыктардын 4400 ашык түрлөрү табылган, алардын 90% эндемиктер. Бирок, 170 түрү гана тузсуз сууда жашоочулар[3].
Омурткасыздар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Австралиядагы 200 000 жаныбар түрүнүн дээрлик 96% омурткасыздууларга, 90% курт-кумурскалар жана моллюскаларга туура келет.
Курт-кумурскалардын арасында эң көп ар түрдүүлүккө катуу канаттуулар ээ, булар Австралияда 28 000 түрлөр менен берилген (негизинен Scarabaeoidea жана Curculionoidea бүлө үстүндөгүлөр). Кабырчык канаттуу курт-кумурскалар (Lepidoptera) түркүмү 20 816 түр менен берилген, жаргак канаттуулар түркүмү (Hymenoptera) — 12 781 түр (анын ичинде кумурскалар — 1275 түр жана түрчөлөр). Эки же кош канаттуулар түркүмү (Diptera, чиркейлер жана чымындар) — 7786 түр[4].
Австралиядагы кенелердин фаунасы (Acari) 240 бүлөнүн 2700 түрүн камтыйт (түркүмдөр боюнча: Astigmata — 330 түр, Oribatida — 330, Prostigmata — 1270, Ixodida — 80, Holothyrida — 3, Mesostigmata — 675). Эң чоң бүлөлөр: Atopomelidae (98 түр), Steganacaridae (63), Eriophyidae (49), Trombiculidae (114), Tetranychidae (54), Frythraeidae (102), Ixodidae (68), Laelapidae (147), Phytoseiidae (109) жана Rhinonyssidae (90).
Австралия көптөгөн эндемикалык жөргөмүш сымалдуулар менен белгилүү[4].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ ECOportal. Эндемики Австралии (орусча)
- ↑ 2.0 2.1 The reptile database (англисче)
- ↑ American Museum of Natural History. Amphibian Species of the World (англисче)
- ↑ 4.0 4.1 Halliday Robert B. (1998). Mites of Australia: A Checklist and Bibliography. CSIRO (Australia) Series: Monographs on invertebrate taxonomy; vol 5. Csiro Publishing. 1998. Pp.1870— 2842. ISBN 0-643-06370-6 (англисче)
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Australian Biological Resources Study (англ.)
- Australian Insect Common names (англ.)
- Australian Museum, Australia’s natural history museum (англ.)
- Numbers of Living Species in Australia and the World.