Азирети Али
Көрүнүш
Азирети Али (ар. Аали бин Абуталиб) - Мухаммед пайгамбардын чоң атасы менен бир тууганынын баласы. Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы. Азирети Али пайгамбардын Фатима аттуу кызына үйлөнгөн. Төртүнчү «шайланма халифа» болгон. Азирети Али халифалык кылып турган кезде мамлекетте мусулмандар ара- сында ич ара ырктары кетти. Аны колдогондор «шия» (тарапкер, партия, топ маанисинде) деп атала башташкан. Алар халифалык Мухаммед пайгамбардын жакындары же Азирети Али жана андан тарагандарга таандык болуш керек деген талаптар менен чыгышкан. Йезид тарабынан өлтүрүлгөн Хусейинди имам көтөрүп чыгышкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Түзгөндөр О. К. Каратаев, С. Н. Эралиев. -Б.: Бийиктик, 2005. 600 б., ISBN 9967-13-159-4