Мазмунга өтүү

Барий гидроксиди

Википедия дан

Барий гидроксиди щелочь, Ва(ОН)2 – кадимки абалда эрийт. Ва(ОН)2·8Н2О түрүндө болот. Түссүз кристалл. Тыгызд. 2,18 г/см3. 78 °С ысык сууда жакшы, муздак сууда начар эрийт. Суудагы эритмеси күчтүү щелочтук реакцияны көрсөтөт. Суудагы эритмеси абадан СО2 газын сиңирип алып ылайланат, анткени эрибей турган барий карбонаты пайда болот. 100 °С жогорку температурада ал Ва(ОН)2·3Н2О өтөт да, кургак абада 2 мол. суусун жоготуп Ва(ОН)2·Н2О пайда кылат. Бул гидроксид кызартып ысытканда гана суусун жоготот, ал эми Ва(ОН)2 780 °С жогору температурада ВаО өтөт. Б. г. ВаСО3 ысытуудан алына турган барий окисин ВаО өчүрүүдөн алынат. Суудагы каныккан эритмеси барий суусу деп аталып, хим. анилиздерде SO4-2 жана СО3-2 иондорун табууда кеңири колдонулат. Полимерлешүү процессинин инициатору катары, кантты анын эритмесинен бөлүп алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]