Ван көлү
Көрүнүш
Ван көлү - Түркиянын чыгышындагы туюк көл. Армян тайпак тоосундагы тектоникалык өрөөндө 1646 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 3,7 миң км2дей. Тереңдиги 145 мге чейин. Кеме жүрөт (Анкара Тебриз темир жол парому). Суусу туздуу (19,1%о). Чыгыш жээгинде Ван шаары жайгашкан. Ванга жакын Сюпхан жана Немрут жанар тоолору бар. Жээгинде Кыргызстандан ооп барган кыргыздардын чакан тобу жашайт.
Байланыштуу макалалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4