Гемодиализ
Көрүнүш
Гемодиализ - (гемо... жана гр. diаlysis ажыроо, бөлүнүү) бөйрөктүн катуу кармаган же өнөкөт начарлашында «жасалма бөйрөк» аппаратынын жардамы менен дарылоо методу. Гемодиализ учурунда организм зат алмашуунун уу заттарынан арылат, бузулган суу-электролит теңсалмактуулуктары нормага келет. Гемодиализде бир эле мезгилде кан агызылып, донордон алынган ошончо көлөмдөгү кан куюлат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4