Дифениламин
Дифениламин (С6Н5)2NH, – мол. масс. 169,23 - мүнөздүү жыты бар жарыкта карарып кетүүчү түссүз кристалл; балкып эрүү t 54-55оС; кайн. t 302оС. Диэтил эфиринде, бензолдо, ацетондо, CCl4 жакшы эрийт. Конц. минералдык к-талар менен аракеттенишип, суюлтулган к-таларда жана сууда гидролизденүүчү туздарды пайда кылат. Азот менен байланышкан Н атому щелочтуу металл атому менен орун алмашууга жөндөмдүү. Арил, алкил жана ацил топторуна орун алмашуусу анилинге караганда кыйыныраак жүрөт. Мис., Д. уксус ангидриди менен HClO4 катышуусунда 80-100оС- ацетилдештиргенде N-ацетилдифениламин пайда болот. Д. HNO2 менен аракеттенип N-нитрозодифениламинге чейин оңой өтөт бензолго караганда тринитротуундуларына чейин жакшы нитрленет, тетра-ж-а гексагалогентуундуларына чейин галогенденип, к-талык катализаторлор катышуусунда пара-абалдарына оңой алкилденет. Ө. ж-да Д. анилин эквимолярдык санын анилин гидрохлориди менен (катализатор- HCl, AlCl3 жана башка) автоклавда 300оС аракеттендирүүдөн жана Al2O3 аркылуу (400оС) анилин бууларын өткөрүү менен алынат. Д. - полимерлер үчүн антиоксиданттар алууда алгачкы продукт, целлюлоза нитраттары термо- жана атмосфера туруктуулугун жогорулатуу үчүн стабилизатор, жумшак болоттор коррозиясынын ингибитору катары, о. эле аналитикалык хим-да колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6