Объект
Объект (соңку лат. оbjectum – предмет, зат, лат. оbjicto – алга ыргытам, карама-каршы коём дегенден) – 1) предметтик-практикалык жана таанымдык иш-аракеттеги субъектиге каршы турган нерселерди билдирүүчү философиялык категория; адамга жана анын аң-сезимине көз карандысыз жашоочу обьективдүү реалдуулук, коомдун тарыхый өнүгүүсүндө иштелип чыккан ишкердүүлүк, таанып-билүүчү аң-сезимде тил жана билим формаларында кабылданган табигый жана тарыхый кубулуштар. Ошондуктан объект адам (субъект) таануучу, өзгөртүүчү заттардын деги эле түгөнгүс, чексиз экендигин ырастайт (к. Субъект); 2) экономикалык ишмердүүлүк менен байланышкан бардык нерселер. Экономикада объект катары ишканалар, уюмдар, имараттар, курулуштар, өндүрүш каржаттары каралат. Айрым жактарга таандык мүнөзү боюнча айырмаланган объектилер менчик объект деп аталат. «Объект» термини көбүнчө өндүрүштүк объект, курулуштук объект, социалдык объект, коргонуу объектилери, финансылоо объектилери, кредиттөө объектилери, камсыздандыруу объектилери ж. б. сөз айкаштарында колдонулат; 3) компьютерде – көз каранды эмес программанын берилишти (берилиш-мүчө) жана аларды иштетүүчү ыкмаларды (функция-мүчө) камтыган модулу. Объект программалоосунда колдонулат. Объектилер башка объектилердин берилишин жана методун белгилүү эреже боюнча колдоно алат. Объект – класс деп аталган абстракттуу берилиштер тибиндеги чоңдук. Бул топко бир типтүү объектилер биригет. Мурастоо механизмин колдогон класстар объектинин базалык жана туунду иерархын түзөт. Объектилер билдирүүлөр аркылуу өз ара аракеттенишет. Объектилердин иерархиясы табигый түрдө тизилет, жалпы жонунан программа – бул объект. Өзүнүн функциясын аткаруу үчүн өзүнө кирген объектилерге кайрылат, ал болсо өз кезегинде суралган нерсени программанын башка объектилерине кайрылуу жолу менен аткарат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7