Пеннин тоолору
Көрүнүш
Пеннин тоолору (англ. Pennine Chain) — Улуу Британия аралында. Узундугу 250 кмдей. Эң бийик жери 893 м (Кросс-Фелл чокусу). Негизинен кумдук, акиташ тегинен турат. Кыры жайык, капталдары салыштырмалуу жантайыңкы. Карст процесси өнүккөн. Вереск бадалдары, өлөң чөп, айрым жерлерине токой өсөт. Этегинде таш көмүр кени (Йоркшир көмүр бассейни) жана Пик Дистрикт улуттук паркы бар. Туризм өнүккөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9