Мазмунга өтүү

Тагай бий

Википедия дан

Тагай бий — кыргыздардын оң канат урууларынын түпкү атасы. Санжырада Долон бийден Ак уул, андан Адигине, Тагай, Муңгуш жана Наалы эже деген балдары болгондугу айтылат. Б. Солтоноевдин маалыматы боюнча Тагай Кокон, Маргалаң калаасынын тегерегиндеги Ийрисуу-Былпылдак деген жерде, дагы бир кабарда – Ош калаасындагы Сарыбел деген жерде, болжолу, 1460–70-ж. туулган. Тагай бийдин ишмердигин 16-кылымдагы моголстандык кыргыздардын башчысы Мухаммед Кыргыздын тарыхый ишмердиги менен окшоштурушат. Уламыштарда Тагай орто жаштан өтүп калганда, бир нече жыл Эреше хандын карамагында жашап, элине кайтып келген. Ал эми Мухаммед Хайдардын «Тарих-и Рашиди» эмгегинде Мухаммед Кыргыз Ысыккөлдүн түштүгү Барскоон суусунун боюнда моголдордун башкаруучусу Султан Саид менен болгон чабышууда жеңилип, Кашкарга туткундалып кеткендиги айтылат. Мухаммед Кыргыз 1522-ж. бошонуп чыгат жана 1524-ж. кайрадан туткундалып, 1533-жылга чейин (Султан Саид хан өлгөнгө чейин) кармалып турган. Б. Солтоноев ушул маалыматтарга таянуу менен Мухаммед Кыргыз Тагай бий болушу мүмкүн деген ойду сунуш кылат. Тагай бий тууралуу санжырада сакталган маалыматтарда анын эл башкаргандыгы айтылат. Инилери бойго жеткенде, эжеси Наалы малды Адигинеге, бийликти Тагайга жана чарбаны Муңгушка бөлүп берет. Экинчи бир уламышта Адигине менен Тагай энчи бөлүү тоюн өткөрүп, салт боюнча малды, жерди, элди экиге бөлөт. Оштун Карадарыясын чек кылып, күн батыш жагын Адигине, күн чыгыш жагын Тагай бий алгандыгы баяндалат. Б. Солтоноев Тагай болжолу 1535–40-ж. өлгөндүгүн жана анын кабыры Үч Турпандын күн чыгыш тарабында жайгашкандыгы тууралуу маалыматты келтирет. Тагай бийдин ысымы менен кыргыздардын оң канат деп аталган уруулук бирикмесиндеги бугу, сарыбагыш, солто, багыш, саяк, чекир саяк, азык урууларынын келип чыгышы байланыштырылат. 17–18-кылымдарда Таластан тартып Ысыккөл, Нарын аймактарына чейинки оң канат, сол канат кыргыздары Тагай деп аталган саясий конфедерацияны тү-зүп тургандыгын санжыра маалыматтары ырастайт.

Булактар

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.