Мазмунга өтүү

Этноним

Википедия дан

Этноним ( грек. έθνος — уруу, эл жана όνυμα — ат, аталышы) — элдердин, улуттардын, уруулардын, уруу биримдиктеринин, уруктардын ж.б. этникалык жалпылыктардын аталыштары.

Этнонимдерди пайдалануу, алардын таралыш тарыхын жана азыркы абалын изилдөө этникалык тарых, этногенез, лингвогенез жана ономастика маселелерин чечүүдө маанилүү.

Этнонимдерди изилдөө аттардын эволюциясын ,анын келип чыгышын түшүндүрүп,этникалык миграциялардын, тил жана маданий алака-байланыштарынын изин иликтөөгө мүмкүнчүлүк камсыздайт.Этнонимдер байыркы аталыштар болгондуктан баалуу тарыхый жана лигвистикалык маалыматтарды бере алат. Миңдеген жылдар бойу бир эле мейкиндикте жашаган калктар убакыттын өтүшү менен өз этнонимин өзгөртүп туруш мүмкүн, Мис.: хягястар - хакастар сколоттор  — венеддер — славяндар (скловендер, хунндар — гунндар, дактар — румындар.

Этнонимдерге Энчилүү аттарга кирбейт.
Этнонимдердин келип чыгышын жана өнүгүүсүн ономастиканын бир бөлүгү болгонэтнонимика изилдейт.
Ири этникалык жалпылыктарды түзгөн -"макроэтнонимдер" жана чакан этникалык биримдиктерди билдирген - "микроэтнонимдер" болуп айырмаланат.

Макроэтнонимдер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Этнонимдер адатта макротопонимдер менен байланышта болушат: Орустар - Русь, болгарлар - Болгария. Байланыштар түз жана кайтарым байланышта болушат. Түз байланыш - мамлекеттин аталышы этнонимдин келип чыккан учурларда: франктар — Франция,чехтер — Чехия, гректер — Греция. Кайтарым байланышта - этнонимдин аты өлкөдөн келип чыкканда: Америка — америкалыктар, Австралия — австралиялыктар


Эндоэтнонимдер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Элдердин жана уруулардын өздүк аталышы - эндоэтноним деп аталат жана аларга башка элдер берген аталыштарга каршы каралышат. Мисалы немистердин өздүк аталышы - Deutschen.

Этникондор же этнохоронимдер этнонимдерге жакын түшүнүктөр жана топонимдерден келип чыгышат: бишкектиктер - Бишкектен, нарындыктар - Нарындан, оштуктар- Оштон; ошондой эле калктын топторуна берилген расмий эмес ылакап аталыштар да киришет.

Кыргыз этноними

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз" этноними боюнча макала

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Алексеев В. П. Становление человечества М, 1984
  • Алексеев В. П. Этногенез М 1986
  • Артемова О. Ю. Личность и социальные нормы в раннепервобытной общине М 1987
  • Арутюнов С. А. Народы и культуры Развитие и взаимодействие М, 1989
  • Барт Р. Избранные работы Семиотика. Поэтика. М, 1989
  • В. Б. Кашкин, Этноним в наивной философии языка и картине мира
  • Вебер М. Избранное. Образ общества. М 1994
  • Владимир Хънтов (Велико-Тырново) Этнонимы, связанные с названиями квазигосударственных административно-территориальных единиц в современном русском и в современном болгарском языках
  • Герд А. С. Введение в этнолингвистику СПб 1995
  • Грацианская А. Н. Этнографические группы Моравии. К истории этнического развития. М. 1975
  • Григулевич Н. И. Этническая экология питания: Традиционная пища русских старожилов и народов Закавказья. М., 1996.
  • Древние системы письма. Этническая семиотика / Отв. ред. Ю. В. Кнорозов А, 1986
  • Зеленин А. К. Восточнославянская этнография. М. 1991
  • Иванов Вяч. Вс Проблемы этносемиотики // Этнографическое изучение знаковых средств культуры М., 1989
  • Иванов Вяч. Вс. Очерки истории семиотики в СССР М., 1976
  • Имя и этнос / Отв. ред. Р. Ш. Джарылгасинова, В Н Шинкарев М, 1996
  • Этническая ономистика / Отв. ред. Р. Ш. Джарылгасинова, В. А. Никонов М. 1984
  • Куббехь Л. Е. Этнические общности и потестарно-политические структуры доклассовых и раннеклассовых обществ // Этнос в доклассовом и раннеклассовом обществе М, 1982
  • Культура жизнеобеспечения и этнос / Отв. ред. С. А. Арутюнов, Э. С. Маркарян. Ереван 1983
  • Левин М. Г., Чебоксаров Н. Н. Хозяйственно-культурные типы и историко-этнографические области (К постановке проблемы) // Советская этнография, 1955 № 4
  • Новик Е. С. Обряд и фольклор в сибирском шаманизме опыт сопоставления структур. М., 1984
  • Першиц А. И. Этнос в раннеклассовых оседло-кочевнических общностях // Этнос в доклассовом и раннеклассовом обществе. М., 1982
  • Пропп В. Я. Исторические корни волшебной сказки. Л., 1986
  • Русские. Историко-этнографическии атлас. М. 1964
  • Свод этнографических понятий и терминов:
    • Социально-экономические понятия и соционормативная культура. М., 1986, Этнография и смежные дисциплины
    • Этнографические субдисциплины. Школы и направления. Методы. М., 1988
    • Народные знания. Фольклор. Народное искусство. М. 1991
    • Религиозные верования. М. 1993
    • Этнические и этно-социальные категории. М., 1995
  • Столяр А. Д. Происхождение искусства. Л, 1980
  • Традиции в истории культуры. М., 1978
  • Тэрнер В. Символ и ритуал. М., 1983
  • Фрэзер Аж. Золотая ветвь исследования магии и религии М. 1980
  • Фрэзер Аж. Фольклор в Ветхом Завете. М., 1985
  • Фреиденберг О. М. Миф и литература древности. М. 1978
  • Чеснов Я. В. Лекции по исторической этнологии: Учебное пособие
  • Чистов К. В. Народные традиции и фольклор. Л., 1986.
  • Шавхелишвили Бела (Тбилиси). Вайнахи и связанные с ними некоторые этнонимы
  • Шилов Ю. Прародина ариев. М. 1995
  • Шнирельман К. А. Проблема доклассового и раннеклассового этноса в зарубежной этнографии // Этнос в доклассовом и раннеклассовом обществе. М, 1982
  • Этнография имен / Отв. ред. В А. Никонов, Г. Г. Стратанович. М. 1971
  • Этнонимы / Отв ред В. А. Никонов. М., 1970