"Американын Алтын доору азыр дароо эле башталат". Трамптын инаугурациясы кандай өттү?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Дональд Трамп АКШнын 47-президенти болуп расмий түрдө кызматына киришти. Аны менен чогуу ант берүүгө вице-президент Жей Ди Вэнс да келди. Трамп өз сөзүндө баса белгилегендей эле эми биринчи тарыхий жарлыктарына кол коюшу керек.
Ант берүү аземи Вашингтондо жайгашкан Каптиолийде өттү. 1985-ылдан бери карай биринчи жолу ант берүү аземи имараттын ичинде өтүп жатат. Буга аба-ырайынын начардыгы себеп болду.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Трамп салтанаттуу аземге Жо Байден менен чогуу бир машинада келди. Ага чейин алар Ак үйдө жубайлары Жилл Байден жана Мелания Трамп менен кызматтан кетип жаткан жана кызматка киришип жаткан президенттердин салтуу чай ичүү жөрөлгөсүн орундатышты.
Эске салсак мындан төрт жыл мурун Трамп бул жөрөлгөдөн баш тартып, керек десе Байдендин инаугурациясына такыр эле катышпай койгон. Байден үчүн "салттарды сактоо өтө маанилүү" деп саналаарын кетип жаткан администрациянын чиновниктеринин бири CNN телеканалына айтып берди.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Салтанаттуу аземге мурдагы президенттер Билл Клинтон менен Жорж Буш (кичүүсү) жубайлары менен келишти. Барак Обама жалгыз келди.
Иш-чарага саясатчылардан тышкары ири технологиялык компаниялардын башчылары дагы катышышты. Apple компаниясынын башчысы Тим Кук, Amazon жана Blue Origin компанияларынын негиздөөчүсү Жефф Безос, Meta Platforms компаниясынын тең негиздөөчүсү Марк Цукерберг жана албетте Трамптын өтө жигердүү тарапташы Tesla жана SpaceX компанияларынын башкы директору Илон Маск катышты. Соңку үч ысым дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесинде башкы саптарды ээлеп турушат.

Сүрөттүн булагы, AP
АКШнын ири корпорациялары президенттердин инаугурациясына чоң суммадагы каражаттарды сарптап келишет. The Washington Post басылмасынын маалыматына караганда, Трамптын инаугурациялык комитети 150 миллион доллардан ашуун каражат топтогонго жетишти.
Инаугурацияга дүйнөлүк лидерлерден дагы келип катышты. Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони жана Аргентинанын президенти Хавьер Милей келди. Адатта Америка презииденттеринин инаугурациясына чет элдик лидерлерди такыр эле чакырышпайт.
Салтанат сыйынуу жөрөлгөсү менен башталды. Жөрөлгөнү Трамптын атайын чакыруусу менен келген америкалык таасирдүү дин ишмери, "Сума самаритянин" баптистик кайрымдуулук уюмунун башчысы Франклин Грэма орундатты.
Адегенде вице-президент Жей Ди Вэнс ант берди. АКШнын вице-президенти кокусуна президент көз жума турган болсо, кызматынан кетсе же кызматынан баш тартса президенттин милдеттерин аткара турган кызмат адамы.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Адегенде вице-президент Жей Ди Вэнс ант берди. АКШнын вице-президенти кокусуна президент көз жума турган болсо, кызматынан кетсе же кызматынан баш тартса президенттин милдеттерин аткара турган кызмат адамы.