BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет

Башкы кабарлар

  • Ракета

    Космоско учуу: эмнеге Орусия АКШ менен Кытайдан артта калды?

    2024-жылы Орусия космоско болгону 17 ракета учурду. Бул көрсөткүч анчалык деле жаман эмес. Себеби пандемия учурунда мындан да аз ракета учурган. Бирок бул өлкөнүн космоско ракета жиберүүсү үчүнчү жыл катары менен азайып, ал эми башка "космостук өлкөлөрдүкү" ыкчам өсүүдө. Ракета учуруу боюнча АКШ Орусиядан 2016-жылы озуп чыкты. Москва Крымды аннексиялап алганы үчүн расмий Кремлге санкциялар киргизилип, анын кесепетинен эл аралык кызматташуусу кыйла начарлады.

  • той

    Сарамжал жашоо: той-аштагы чыгымдарды азайтуу аракети

    Ысырапкорчулукту азайтууну көздөгөн мыйзам долбоору коомдо кызуу талкуу жаратууда. Айрымдар той-топур, атүгүл жамандыкта дагы аша чаап кеткен учурлар көп болуп жатканын айтып, мындай сунушту колдоп чыкты. Ошол эле учурда илгертен келе жаткан айрым үрп-адаттарды такыр эле жокко чыгарып салууга болбойт дегендер да бар.

  • Аль-Шараа

    Ахмед аль-Шараа Сириянын убактылуу президенти деп жарыяланды

    Сириянин азыркы лидери жана "Хайат Тахрир аш-Шам" тобунун лидери Ахмед аль-Шараа өлкөнүн өткөөл мезгилиндеги президенти болуп расмий дайындалды. Бул тууралуу Сириянын мамлекеттик медиалары кабарлашууда.

  • Куткаруу иштери

    Вашингтондо кыйраган учактар: борттогулар тууралуу эмне белгилүү?

    Вашингтондо кыйраган учакта 60 жүргүнчү, төрт экипаж мүчөсү болгон, тик учакта болсо үч аскер кызматкери бар эле. Bombardier CRJ700 учагында муз тебүү боюнча АКШ чемпионатынан кайтып келе жаткан спортчулар жана машыктыруучулар болгон. Дарыяга кулап түшкөн учактардан 30 кишинин сөөгүн алып чыгышты, тирүү калган бир дагы киши табыла элек.

  • Конгодогу лаборатория

    Конгодогу согуштан улам эбола жана mpox үлгүлөрү лабораториядан тышка чыгып кетиши мүмкүн

    Аймактагы жаңжалдан улам Конго Демократиялык Республикасынын чыгышында жайгашкан изилдөө лабораториясынын коопсуздугу коркунучка кептелди. Ал жерде Эбола жана mpox сыяктуу вирустардын патогендери сакталган. Бул тууралуу эл аралык гуманитардык уюмдардын кызматкерлери билдирүүдө.

  • Дональд Трамп

    Кыргызстан: АКШнын колдоосу менен ишке ашкан долбоорлор токтотулду

    АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио чет өлкөгө каржылык жардам берүүнү токтотуу жөнүндө буйрук бергени тастыкталды. Бул тууралуу расмий маалымат 26-январда Мамдепартаменттин сайтына жарыяланды. Маалыматта бул чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын чет өлкөгө жардам берүүнү 90 күнгө токтотуу жөнүндө жарлыгынын негизинде кабыл алынганы айтылат.

  • ЖМК

    Сөз эркиндиги: "ЖМК жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбоорунда эмнелер өзгөрдү?

    Журналисттерди коргоо комитети жакында эле Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин абалы боюнча кезектеги баяндамасын жарыялады. Анда сөз эркиндигинин үлгүсү катары бааланып келген Кыргызстан авторитаризмге багыт алып бара жатат деп айтылды. Ал ортодо медиа коомчулуктун нааразылыгын жаратып келген "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбоору кайрадан парламенттин кароосуна жиберилди.

  • тиркеме

    ChatGPT чат-ботун артта калтырган DeepSeek тиркемесине кибер чабуул жасалды

    Кытайдын DeepSeek жасалма интеллект чат-боту ChatGPT жана башка атаандаштарын артта калтырып, АКШ, Англия жана Кытайда Apple түзмөктөрүндө эң көп жүктөлгөн акысыз колдонмо болуп калды. Мунун артынан эле кибер чабуулдан улам жаңы колдонуучуларды каттоону убактылуу чектей тургандыгы айтылды.

  • Декбарда үч сомго, январда дагы 3 сомго арзандады

    Күйүүчү майды маркалоо: пайдасы жана талкууга түшкөн жагдайлар

    Жыл жаңыргандан тартып Кыргызстанда маркасы жок бензинди жана дизелдик отунду сатууга тыюу салынды. Салык кызматы маркалоонун киргизилиши менен күйүүчү жана майлоочу майдын легалдык көлөмү өсүп, салык көп чогулду деп жатат. Ошол эле учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясы өлкөдөгү ири делген компаниялар ансыз деле ачык-айкын иштеп келгенин айтып, маркалоону киргизүүгө зарылчылык жок болчу деген пикир билдирүүдө.

  • Графика

    Беларуста Лукашенко кантип жетинчи жолу "жеңишке" жетти

    26-январда Беларуста президенттик шайлоо өттү. Александр Лукашенко катары менен жетинчи мөөнөткө шайланары күмөн жараткан жок. Анын атаандаштары техникалык, лоялдуу талапкерлер, чыныгы оппозиция түрмөдө же бозгунда. Евробиримдиктин бир нече өлкөлөрү жана АКШ бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди. Лукашенко болсо добуш берүүнүн жыйынтыгын Батыш тааныйбы же жокпу, ага баары бир экенин айтты.

  • Мигранттар C-17 Globemaster III аскердик учагына түшүп жатат

    Колумбия президенти мигранттарды ташыган америкалык учактарды артка кайтарды

    АКШ президенти Дональд Трамп депортацияланган мигранттарды ташыган эки аскердик учакты Колумбия бийлигинин кабыл алуудан баш тартканына жооп катары бул өлкөдөн импорттолгон товарларга 25 пайыздык бажы салыгын киргизерин жарыялады.

  • OpenAI, Oracle жана Softbank жетекчилери Ак үйдө президент Дональд Трамп менен жолугушуу учурунда

    АКШ техногиганттары 500 миллиардга тете Stargate жасалма интеллект долбоорун ишке киргизет

    АКШ презденти Дональд Трамп Stargate компаниясы түзүлгөнүн, ал жакынкы жылдары жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүүгө 500 миллиард доллар жумшала тургандыгын билдирди.

Редактордун тандоосу

  • Дональд Трамп

    Дональд Трамптын жашоосу сүрөттөрдө

    Дональд Трамп 1946-жылы 14-июнда Нью-Йорктун Куинс районунда төрөлгөн. Үч жолу үйлөнгөн, беш баласы бар. Анын саясий карьерасы 2015-жылы башталды. Ал президенттик жарышка катышуу ниетин Трамп-Тауэрдеги пресс-конференцияда билдирген.

  • Жаңылсынзат Турганбаева

    Кыргыз айымы Нобель жана Оскардын лауреаттарына катарлаша тизмеге кирди

    Би-Би-Си 100 Айым долбоорун жарыялады. Долбоор жыл сайын дүйнөдөгү эң таасирдүү айымдарды тандап, алардын ишмердигин чагылдырып келет. Быйылкы тизмеге кирген айымдар да абдан кызыктуу каармандар. Нобель сыйлыгынын, Оскардын лауреаттарынан тартып, космосто эң биринчи болуп марафон чуркаган астронавт айым да бар. Айтмакчы, дал ошол айым так ушул мүнөттөрдө Жер шарынан 400 миң км аралыкта космосто учуп жүрөт.

  • Делиде кадимкидей эле дем алуу кыйындап кетти

    Индия: кир аба кишилерди эле эмес, техниканы кошо кыйнап жатат

    Соңку он күндө Индиянын башкалаасы Делиде абанын булганышы олуттуу деңгээлге жетип, ал тургундарга катуу кедергисин тийгизип жатат. Кири абанын айынан шаарды коюу туман чулгап калды. Аба кирдеген учурдагы туман абалды ого бетер оорлотот, зыяны да күчөйт.

  • Украинадагы согушту токтотуу Трамптын чоң убадаларынын бири, бирок ал кантип токтото турганын чечмелеп айткан эмес

    Украинадагы согуш кандай аяктайт? Москва, Киев, АКШнын сценарийи

    Орусиянын Украинага каршы согушундагы кезектеги тагдыр чече турган учур. Кошмо штаттары өз ракеталары менен Орусиянын аймагына атууга Киевге уруксат берген соң Москва жаңы баллистикалык рактасын колдонуп эле тим болбой Европага сокку ура турганын айтып коркутту. Орус армиясы Донбаста чабуулдарын күчөтүп, Курск облусунда болсо түндүккореялык аскерлердин жардамы менен жүрүшүн улантып жаткан маалы.

  • Казакстандагы "АЛЖИР" лагеринин ордуна түзүлгөн музей. "Барак"

    Тарыхчы: Репрессияланган аялдардын лагерлеринин жанында балдар көрүстөндөрү пайда болгон

    Сталиндик репрессиянын кесепети азыр да зыянын тийгизип жатканын окумуштуулар талдап айтып келе жатат. Адам эле эмес, адабият, маданият, илим кошо репрессияланган деп айтууга толук негиз бар. Алыс кетпей эле кыргыз адабиятынын тарыхына кайрыла турган болсок чыгаан адабиятчылар, жазуучулар кандуу саясаттын курмандыгы болгон. Ошентип ой дагы, чыгармачылык дагы репрессияланган, анын айынан адабияттагы жасалмалуулук, бурмалоо, жашырып жабуу болуп көрбөгөндөй күчөгөн.

  • Технология согуштарды да түп-тамырынан бери өзгөртүп жатат

    Украинадагы согушка 1000 күн. Жаңы технологиялар согушту кантип туңгуюкка кептеди?

    Орусиянын Башкы штабынын ою боюнча 2022-жылдын 24-февралында таң эрте Украинага басып кирүү тез жана жеңиш менен коштолгон операция болушу керек эле. Бирок андан бери 1000 күн өтсө да Украинада жай, чаалыктырган жана кыйратуучу согуш уланып жатат.

  • SPL

    Уран планетасында океан, ал тургай балык да болушу мүмкүн

    Уран - биздин күн системабыздын чет-жакасында жайгашып, муз менен капталган эң ыраактагы өзүнчө бир сырдуу, муздуу дүйнө десек болот. Ал эң муздак планеталардын бири.

  • Түндүк Кореянын армиясында кыз-келиндердин кызмат кылуусу кадимки эле көрүнүш

    Вьетнамдан Иранга чейин: Түндүк Корея кайсы согуштарда кантип жардам берген?

    Орусия Түндүк Корея менен "баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүк" жөнүндөгү келишимин ратификациялады. Бул келишимде эгерде эки мамлекеттин бирине кол салуу боло турган болсо, бири-бирине аскердик жардам көрсөтүү деген берене бар. Wall Street Journal жазганына караганда, ушул эле келишимде түндүккореялык аскерлерди Украинадагы согушка жөнөтүү боюнча жашыруун берене дагы киргизилген.

  • 100 Айым долбоору 2024

    Би-Би-Си 100 Айым 2024: тизмеге кимдер кирди?

    Би-Би-Си дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган 2024-жылдагы эң таасирдүү жана үлгүлүү 100 айымдын тизмесин жарыялады. Алардын арасында Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Надя Мурад, оор зомбулукту баштан өткөргөн активист Жизель Пеликот, актриса Шэрон Стоун, олимпиадалык атлеттер Ребекка Андраде жана Эллисон Феликс, ырчы Рей, сүрөтчү Трейси Эмин, климат боюнча активист Аденике Оладосу жана жазуучу Кристина Ривера Гарса бар.

  • Getty Images

    Сауд Аравия баш болгон ислам өлкөлөрү Израилге каарын төктү

    Саммиттин ачылыш сөзүндө Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман Израилдин Газадагы аракеттерин "геноцид" деп мүнөздөп, көз карандысыз Палестина мамлекетинин түзүлүшү керектигин билдирди.

  • Садыр Жапаров менен Режеп Таййип Эрдогандын жолугушуусу. Архивден алынган сүрөт

    Кыргыз-түрк алакаларынын тарыхы жана учуру

    Кыргыздар менен түрктөр канчалык алыста жашаса да эки элдин алакалары тарыхтын тереңинде жатат. Бүгүнкү түрктөрдүн бабалары огуздар менен кыргыз байланыштары алтынчы, сегизинчи кылымдарда башталган. Кыргыз-түрк тарыхы канчалык тереңде жатканына булактар жана айрым оозеки баяндар күбө. Бирок биз тарыхый-документалдык түрдө билинген Осмон мамлекети мезгилиндеги кыргыз-түрк байланыштарынан баштап бүгүнкү күнгө чейинки алака тууралуу кеп кылабыз.

  • кит

    Норвегияда өлгөн кит чындап эле Орусиянын "деңиз тыңчысы" беле?

    Орусиянын тыңчысы деп айтылган белуха кити Норвегиянын жээктерине кантип барып калды? Эркиндикти сүйгөн кит кыязы орус аскерлеринен качып кеткен жана эч кимге "тыңчылык кылуу" ниети болгон эмес.

Кыргызстан

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.

Дүйнө

Подкасттар

Журнал

Тектеш сайттар

Эң көп окулгандар