Колумбия президенти мигранттарды ташыган америкалык учактарды артка кайтарды

Мигранттар C-17 Globemaster III аскердик учагына түшүп жатат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мигранттар C-17 Globemaster III аскердик учагына түшүп жатат

АКШ президенти Дональд Трамп депортацияланган мигранттарды ташыган эки аскердик учакты Колумбия бийлигинин кабыл алуудан баш тартканына жооп катары бул өлкөдөн импорттолгон товарларга 25 пайыздык бажы салыгын киргизерин жарыялады.

Колумбиянын президенти Густаво Петро жекшемби күнү мыйзамсыз мигранттарды ташыган аскердик учактарды кабыл алуудан баш тартканын билдирди. Трамптын бажы тарифтери тууралуу билдирүүсүнө жооп кылып, Американын импортуна ушундай эле тарифтерди киргизүү менен жооп кайтарарын айтты. Ошол эле учурда Колумбия үчүн АКШ тышкы соодада негизги өнөктөш болуп саналат.

Америкалык чиновниктер CBS News телеканалына эки аскердик учак жекшемби күнү Сан-Диегодон (Калифорния) Колумбияга учуп, бирок "татаалдыктан улам" көздөгөн жерине коно албай калышканын айтышты.

Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагында Колумбиядан келген бардык товарларга 25% өлчөмүндөгү тарифтер дароо күчүнө кирип, бир жумада 50 пайызга чейин көтөрүлөрүн жазды.

Бажы төлөмдөрүнөн тышкары Трамп Колумбиянын мамлекеттик чиновниктерине, ошондой эле партиянын бардык союздаштарына жана колдоочуларына, Колумбия өкмөтүн колдогондорго жана үй-бүлө мүчөлөрүнө АКШга кирүүгө тыюу салды, визалары болсо жокко чыгарарын айтты.

Трамп кайсы "партия" жөнүндө айтып жатканын ачык билдирген жок. Бул президент Петронун Humane Colombia партиясына тиешелүү болушу мүмкүн. Колумбияда өкмөттү президент түзөт жана башкарат.

Колумбиянын президенти Густаво Петро Трампка каршы күрөшүүгө даярмын деп билдирди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Колумбия президенти Густаво Петро Трампка каршы күрөшүүгө даярмын деп билдирди

Густаво Петро учактарды кабыл алуудан баш тартканын билдиргенден кийин АКШдан депортациялангандар үчүн өзүнүн президенттик учагын жөнөтүүнү сунуштады жана Колумбия жарандарына кылмышкер катары мамиле жасалбашы керек деди. Депортациялангандар жарандык учактар менен кабыл алынат деди ал.

Президент Петронун айтымында, Колумбияда АКШдан келген 15,666дан ашык мыйзамсыз мигрант иштеп жатат, бирок өкмөт Трамптын администрациясынан айырмаланып бул мигранттарга карата атайын рейддерди уюштурган эмес.

АКШнын кофе импортунун болжол менен 20% Колумбияга туура келет, бул жылына 2 миллиард долларга жакын каражат айланат дегенди билдирет. Мындан тышкары Колумбия АКШга мунай, банан, авокадо, гүл жана башка товарларды экспорттойт.

Эгерде бажы тарифтери жогорулай турган болсо, колумбиялык товарларды дүңүнөн сатып алгандар бааны көтөрөт, дүкөндөрдө кофе кымбаттайт. АКШдагы керектөөчүлөр ага нааразы болгон учурда соодагерлер башка товар жеткирүүчүлөрдү издөөгө мажбур болушу мүмкүн. Эгер андай болсо, колумбиялык өндүрүүчүлөр негизги рыногун жоготот.

Колумбия президентинин айтымында, Трамп колумбиялыктарга төмөн расада турган киши катары мамиле жасап келет, ач көздүк менен бүт адамзатты жок кылууга даяр турат [климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүүдөгү Трамптын позициясынан улам]. Ошондон улам Петро Дональд Трампка каршы күрөшүүгө даяр экенин айтты.

Мыйзамсыз миграцияга каршы ийгиликтүү күрөшүү үчүн АКШ бийликтери Латын Америкасындагы коңшулары, анын ичинде Колумбия менен жакшы мамиледе болушу керек. Мамлекеттик катчынын орун басарлыгына сунушталган Кристофер Ландау "миграция агымын азайтуу боюнча башка өлкөлөр менен кызматташуу АКШнын тышкы саясатында артыкчылыктуу багыт болушу керек" деп жакында эле айткан эле.

АКШ-Мексика чек арасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жыл сайын Латын Америкасынан гана эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан топтолгон он миңдеген мигрант АКШнын түштүк чек арасынан өтүшөт. Алар Латын Америкадагы өлкөлөргө, анын ичинде Колумбияга учуп келип, андан ары кургактык менен АКШны көздөй бет алат. Мыйзамсыз мигранттарды ташуу көбүнчө жергиликтүү кылмыштуу топтор тарабынан ишке ашырылат.

Дональд Трамп президент болуп келе электе эле мыйзамсыз мигранттарды массалык түрдө депортациялоону баштай турганын убада кылган жана биринчи иш күнүндө эле мигранттарга байланыштуу бир нече жарлыкка кол койду.

Бул буйруктардын айрымдары мыйзамсыз мигранттарды кармоо боюнча федералдык Иммиграция жана Бажы полициясынын (ICE) ыйгарым укуктарын кеңейтет.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левиттин айтымында, АКШда бир күндө, 23-январда 538 мыйзамсыз мигрант кармалды.

2024-жылы Байден президент болуп турганда ICE кызматы 149,700дөн ашык кишини, орточо эсеп менен күнүнө 409 адамды кармаган.

Жакында эле Дональд Трамп Мексика чек арасында өзгөчө кырдаал жарыялап, ал жакка армияны жиберди.

Чек араны көзөмөлдөө жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча жооптуу киши, жогорку даражалуу чиновник Том Хоман [Трамп аны "чек ара падышасы" деп атайт] жекшемби күнү ABC News телеканалына билдиргендей, аскерлер Мексиканын чек арасына жайгашып, аскердик транспорттук учактар аркылуу депортацияларды уюштурууга жардам берип жатат.

"Бул дүйнөгө күчтүү сигнал берди, биздин чек арабыз жабык", - деди Хоман.