Израил тынчтык келишимине добуш берүүнү жылдырып, ХАМАСты айыптады. Газа тынч эмес

Газа. Архивден алынган сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Газа. Архивден алынган сүрөт

Израилдин министрлер кабинети ХАМАС менен жарашуу келишимин кабыл алууга добуш бере албай жатат. Анткени алар соңку учурда бир катар макулдашуулардан баш тартып жатышат деп билдирди премьер-министр Нетаньяхунун кеңсесинен. ХАМАС алардын мындай жүйөөсүн кескин четке кагууда. Израил колдоого алмайынча келешим күчүнө кирбейт.

"Моссаддын" жетекчиси Давид Барнеа башында турган израилдик делегация дагы деле Дохада жүргөн кези. Алар ортомчулар аркылуу келишимдин деталдарын макулдашууну улантып жатканын Иерусалимдеги булактар билдиришүүдө. Бул делегациянын ишаратысыз тар курамдагы аскердик кабинет жана министрлер кабинети добуш берүүгө киришпейт.

Израил ХАМАСты конкреттүү кайсы пункттар боюнча айыптап жатканы боюнча билдирген жок.

Келишим макулдашылганы тууралуу шаршемби күнү кечинде белгилүү болгон. Мунун жүзөгө ашкан иш экендиги тууралуу сүйлөшүүлөрдөгү негизги ортомчулар Катар менен АКШ жарыялаган эле.

Бирок Вашингтондун басымына карабай израилдик тарап бир дагы олуттуу билдирүү бербей жаткан эле. Аналитиктердин пикири боюнча, Израил мындай мамилеси менен эл аралык ортомчулардын энтузизмы окуядан озуп кеткенин түшүндүргүсү келген.

Мунун алдында эле Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар Италияга боло турчу жумушчу сапарын өтө чукулунан токтотуп, артка учуп келген эле.

Би-Би-Синин Иерусалимдеги булагы, министрлердин ортосундагы расмий эмес консультациялар түндө эле башталганын билдирди.

Макулдашууга каржы министрлигинин башчысы Бецалель Смотрич жана улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир каршы чыгат деп алдын ала эле күтүлүп жаткан. Экөө тең ашынган оңчул көз караштары жана Газадагы аскердик операцияларды колдоп келгендери менен белгилүү.

Бен-Гвир буга чейин катар келишими Израилдин ХАМАСтын алдындагы капитуляциясына барабар деп билдирген эле. Ал жана Смотрич эгерде Израил группировканы түп-тамырына чейин жок кылуу максатынан баш тарта турган болсо кызматтарын таштап кетип калышаарын айтып коркутушкан эле.

Эгер алар ошондой кадамга бара турган болсо Израил кезектеги саясий кризиске кептелмек. Смотрич жана Бен-Гвир башында турган эки партиясыз башкаруучу коалиция парламенттеги көпчүлүктү жоготуп, керек болсо коалиция ыдырап кетмек.

16-январдын кечинде диаспоралардын иши боюнча министр Амихай Чикли дагы эгерде, Израил белгиленген аскердик максаттарына жетпей туруп эле, Египет менен Газа секторунун ортосундагы чек араны бойлой жайгашкан Филадельфия коридорунан кетип кала турган болсо кызматын таштап кетээрин айтып коркутту.

Ал арада Израил бейшембиге караган түнү дагы Газа секторуна чабуулдарын уланта берди. Соңку чабуулдарда эле ондогон киши курман болгону кабарланууда.

Тынчтык келишми тууралуу Катардан тараган кабарды кубанып кабыл алгандар

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тынчтык келишми тууралуу Катардан тараган кабарды кубанып кабыл алгандар

Макулдашунун этаптары

Эгерде жакынкы сааттарда Израил макулдашууну кабыл ала турган болсо, ал келишим 19-январь жекшемби күнү күчүнө кирет. Эгерде добуш берүү созулуп кете турган болсо анда жарашуунун мөөнөттөрүн кайрадан макулдашууга туура келет.

Бирок АКШ администрациясынын өкүлдөрүнүн 16-январдагы сөзүнө караганда, карама-каршылыктар тез арада чечилип, элдешүү жараянын пландагыдай эле башталат.

Макулдашуу үч этапты камтыйт. Алар тууралуу азыр жалпы жонунан эле белгилүү.

Израилде түрмөдө жаткан палестиналыктар менен израилдик туткундар маселеси эң негизги фактордун бирине айланды

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилде түрмөдө жаткан палестиналыктар менен израилдик туткундар маселеси эң негизги фактордун бирине айланды

Биринчи этап

Биринчи этап алты аптага эсептелинген жана ок атышууну толугу менен токтотуудан башталышы керек.

Эгер Израилдин министрлер кабинети келишимди жактыра турган болсо элдешүү жараяны 19-январда күчүнө кирет.

Ошондон кийин Газанын согуш жүрүп жаткан аймактарынан качып чыккан палестиналыктар үйлөрүнө кайтып барууга өбөлгө түзүлмөк. Бириккен Улуттар Уюмунун эсеби боюнча Газада качып-бозуп жүргөн эки миллионго жакын киши бар. Буд дээрлик калктын 90 пайызы дегенди түшүндүрөт.

Ошондой эле биринчи этапта Газа секторуна жиберилген гумманитрадык жардамдар коё берилет. Күнүнө болжолдуу жүздөгөн унааларга жүк ташып кирүүгө уруксат берилет деп болжонууда.

Ошол эле учурда ХАМАС израилдик туткундарды коё берүүнү баштайт. Адегенде 33 кишиден турган биринчи группа бошотулат (буга чейин 34 деп жаткан). Алар негизинен аялдар, балдар жана кары-картаңдар. Бирок булардын канчасы тирүүлөр, канчасынын жасатын бере турганы жөнүндө сөз болгону белгисиз.

Израилдин министрлер кабинетинин өкүлү Давид Месер бошотула тургандардын көбү аман-эсен деп күтүп жатышканын билдирди.

Макулдашуунун дал ушул пункту боюнча өкмөт кимдерди боштуп алганы жатканы тууралу толук билбейт деген маселе Израилде кыжырадууну пайда кылды.

ХАМАС алардын ордуна камакта жаткан миңдеген кишилерди бошотууну талап кылууда. Анын баары аман-соо кишилер. А Израил болсо дагы бир жолу тең салмакталбаган алмашууга барып жатат жана көзүн жумуп алып эле ушул ишти жасап жатат деп көптөгөн изралдик сынга алууда.

Аларга эмне себептен алардын өкмөтү туткундалган 94 кишини дароо бошотуп алууну талап кылбаганы түшүнүксүз. Израил чалгын кызматынын маалы мат боюнча дал ушунча сандагы киши туткунда турат жана алардын отуз төртү тирүү эмес.

Палестиналык расмийлер калган туткундардын тагдыры макулдашуунун кийинки этаптарында талкууланат деп билдирүүдө. Бул ок атышуунун токтогонуна 16 күн болуп, биринчи фаза план боюнча жүрүп жатканда болот.

Экинчи этап

Бул этап согуштун толук токтошун мүнөздөйт. Бирок тараптар азырынча аны талкуулоого кирише элек болгондуктан, "толугу менен токтойт" деген эмнени түшүндүрө турганы ушул тапта белгисиз.

Баарын таразалап көргөндө ЦАХАЛ бул этапта Газанын аймагынан чыгып кете баштайт, бирок анын деталдары белгисиз.

Макулдашунун негизин түзгөн Жо Байдендин жөнгө салуу планына караганда, экинчи этапта израилдик туткундар толугу менен кайтарылып, каза тапкандарынан сөөктөрү өткөрүлүп берилет.

Израил өз кезегинде миңдеген палестиналыкты абактардан бошотот. Алардын ичинде оор кылмыштарга айыпталып, 15 жылдан ашуун убакыттан бери жазасын өтөп жаткан 190 киши дагы бар.

Израил түрмөлөрүнөн миңдеген палестиналык экинчи этапта бошотулабы же алардын бир бөлүгү биринчи фазада эле коё бериле баштайбы деген масел дагы толук белгисиз.

Үчүнчү этап

Сонку жыйынтыктоочу этап Газаны калыбына келтирүүнү карайт. Бул жылдап созула турган иш.

Вашингтондун көз карашы

Байден

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Макулдашуунун учурдагы деңгээлине мөөнөтү аякатаарына бир аптага жетпеген убакыт калган АКШ президенти Жо Байден дагы комментарий берип, жарашщуу келишими анын администрациясынын тынымсыз аракетининен улам гана ишке ашты деп билдирди.

"Бул [келишимди түзүү] ХАМАС башынан өткөргөн болуп көрбөгөндөй кысымдын эле эмес, Ливандагы ок атышууну токтотуу, Ирандын алсырашынан кийин аймактагы тең салмактуулуктагы өзгөрүүлөр жана америкалык дипломатиянын бел чечпей, тыным албай иштегенинин натыйжасы. Ушундай жыйынтыкка жетишүү үчүн менин дипломатиям эч качан ишин токтоткон жок", — деп билдирди Байден.

Макулдашуунун негизин чындап эле Жо Байден 2024-жылдын майында сунуш кылган жөнгө салуу планы түздү.

Ошол эле учурда АКШнын жакында эле шайланып, 20-январда кызматына кириши турган президенти Дональд Трамп коомдук сайттарга пост жарыялап, катар макулдашуусун өзүнө ыйгарып алды.

"Ок атышууну токтотуу боюнча эпикалык макулдашуу биздин ноябрь айындагы тарыхый жеңишибизден улам гана ишке ашып олтурат",- деп жазды Трамп.

Трамп анын администрациясы тынчтыкка умтула турганын жана жалпы америкалыктардын, алардын союздаштарынын коопсуздугу үчүн келишимдерди түзө тургандыгын убада кылууда.