Мазмунга өтүү

Актив

Википедия дан

Актив (лат. activus — ишкердүү) — 1) уюмдун кандай гана болбосун менчиги: машиналар менен шаймандар, туракжайлар, корлор, банк салымдары, баалуу кагаздарга инвестициялар, патенттер; 2) бухгалтердик теңдемдеги ишкананын материалдык жана материалдык эмес (гудвилл) баалуулуктарын чагылдырган бөлүгү; кайта өндүрүүдө жолжобосуна карай топтоштурулган каражаттардын курамын, жайгаштырылышын жана пайдаланылышын мүнөздөйт; 3) баланстын айрым түрлөрүндө (төлөм балансы ж. б. у. с.) кирешелердин чыгашалардан ашып кетүүсү.

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7